Учурдагы азык-түлүккө, этке, күйүүчү майга, курулуш материалдарына жана башкаларга тиешелүү болгон баанын көтөрүлүшү элде кыйынчылыкты жаратууда. Айыл жергесинде жумушсуздук көп болгондуктан, эл үчүн азык-түлүккө болгон баанын өсүшү менен айрым үй-бүлөлөр тамак-ашка болгон муктаждыктарын канааттандыра албай кыйналууда.
Мисалга алсак, пенсия, жөлөк пул алып жашагандардын бир айга жеткиликтүү азык-түлүк сатып алууга акча каражаты жетишпейт. Азык-түлүктүн баасы өскөнү менен пенсия, жөлөк пул мурдагыдай эле калууда. Эч кандай каражат таппай жашагандар да жок эмес. Айла жоктугунан үй-бүлөсүн таштап, тышкы жана ички мигранттар катары иштеп кеткендер көп.
“Азыркы учурда азык түлүккө, күйүүчү майларга, деги эле бардык нерсеге болгон баа күндөн күнгө өсүп келүүдө. Карапайым элдин капчыгы жукаланып турган кезде кымбатчылык элдин көйгөйү болуп, кыйнап турган учуру. Пенсияга, жөлөк пулга мен билгенден бир да сом кошулган жок. Жеке эле азык түлүк, күйүүчү майларга эле эмес, айыл жергесинде тракторлордун иш акылары, мончолор, ж.б. чеги жок эле кымбаттап жатат. Карапайым элди ойлогон эч ким жок. Мисалы, эч бир жерде иштебеген, пенсия же жөлөк пул албай, жан баккан үй-бүлөлөр да бар. Ушуларга кымбатчылык эң чоң кыйынчылыктарды жаратууда. Дагы элибизге ыракмат айтышыбыз керек, өздөрү дыйканчылык кылып, колунан келишинче жер-жемиштерди, арпа, буудай айдап жан багып жатышат.
Менимче ушул кымбатчылыкка жол бербеш үчүн өлкөбүздөгү өндүрүштү күчөтүп, жер-жемиштерди, буудай, кант кызылчасын айдоочу жерлерди кеңейтүү керек деп ойлойм. Өкмөт жагынан да азык-түлүккө болгон баага чектөө киргизсе, баалар баардык жерлерде бирдей болсо жана да эмне себептен баалар көтөрүлүп жаткандыгын элдерге себептерин айтып, түшүндүрүп турушса жакшы болот эле,”- дейт депутат Чолпон Ашымова.
Азыркы учурдагы экономикалык абал тууралуу Оттук айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө төмөндөкүлөргө токтолушту:
Өлкөнүн башка аймактарындагы кымбатчылык тууралуу бул жерден окуңуз
Акылай Алмазбекова, Акбермет Руслан кызы