Иммунитеттин төмөндөп кетүүсү көптөгөн ар кандай ооруларды чакырат. Иммунитет биздин ден-соолукту коргой турчу армиябыз. Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун эпидемиологу Асель Акымбаева иммунитет тууралуу айтып берди.
Иммунитет биздин армиябыз…
Иммунитет сырткы чөйрөдөгү вирус, бактерияларга болгон табийгый коргонуу реакциябыз. Биздин ден-сооолукту коргой турчу армиябыз десек болот. Келип чыгышы боюнча иммунитет тубаса (табигый) жана жасалма болуп экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет жаныбар жана адамдарга тиешелүү тукумдан тукумга берилүүчү туруктуулук. Тубаса иммунитет жаныбарлар арасында жакшы байкалат, мисалы, чочко бодонун чумасы менен ылаңдабайт, тескерисинче ал бодого чочкодон жукпайт. Жаныбар киши оорусу котон жара, холера менен ылаңдабайт.
Организмге антигендүү заттар бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткаларга жана организмге ткань же орган хирургиялык жол менен жамалганда аларга каршы заттар антителолорду пайда кылат. Алар антигендер менен өз ара аракеттенишип, бири-бири менен байланышып, антиген антитело бирикмесин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. Антителонун бир бөлүгү кандын суюк бөлүгүндө иштелип чыгатбул гумордук иммунитет деп аталат. Мындан тышкары микробдор организмге киргенде, клеткаларда аларга каршы заттар пайда болот бул клеткалык иммуниетт.
Эмчек эмизүү ымыркайдын иммунитетинин калыптанышына салым кошот деген чынбы?
Негизи адам төрөлгөндө дени сак болуп төрөлөт. Албетте, апасы дарыгердин көзөмөлүндө болуп бардыгы жайында болгондо. Ал эми кош бойлу мезгилинде ар кандай оорулар менен ооруп, спирт ичимдиктерин, наркотикалык заттарды колдонгон болсо алсыз бала төрөлөт. Иммунитет бала төрөлгөндөн тарта жыныстык жактан жетилгенге чейин калыптанат. Туубаса иммунитет бул энеден балага берилет. Андыктан 6 айга чейин сөзсүз түрдө эмчек эмизүү сунушталат. Эне сүтү аркылуу балага антитело берилип ар кандай оорулардан сактайт.
Кантип иммунитетти бекемдесе болот?
Эң алгач стресстен алыс болуу. Бул иммунитетти түшүрүүчү нерсе болуп эсептелет. Ошондой эле күн режимин туура сактоо, күндү туура бөлүштүрүү. Өз убагында уктап, тамактанып, эс алуу керек. Азыр көпчүлүгүбүз аз уктап жатпайбызбы мунун дагы иммунитетке таасири чоң. Күнүнө 8-9саат укташыбыз керек. Уктап жатканда клеткаларда алмашуу процесси жүрөт, организм эс алат эртеси күнү иштегенге энергия топтойт. Ошол эле туура тамактануу бул иммунитетти көтөрүүдө эң негизги булак болуп саналат. Тамактануу аркылуу биз белок, углевод, май организме керектүү витаминдер, микро элементтер кирет. Андан сырткары жаман адаттардан тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүүдөн алыс болууу зарыл. Физикалык активдүүлүк дагы маанилүү. Күнүнө чуркоо же басуу, таза абада 30мүнөттөн кем эмес жүрүү керек.
Кандай факторлор иммуниттеттин алсыздашына, төмөндөшүнө алып келет?
Узак убакытка созулган оору, ошол учурдагы антибиотиктерди көп өлчөмдө пайдалануу иммунитеттин алсырашына алып келет. Негизи адам жылына такыр оорубашы керек же 2-3 жолудан ашык эмес ооруганы норма болуп эсептелет. Балдарда болсо 3-4 жолу ооруганы нормалдуу көрүнүш. Андан көп ооруй турган болсо бул иммунитеттин алсыздыгы. Ошондой эле тамеки, спирт ичимдиктери, стресс, депрессия иммунитетти төмөндөтүүчү факторлор.
Иммундук системанын алсыраганын кантип билсе болот?
Иммунитет алсырап баштаганда өзүбүзгө билинет. Бул бат чарчап калуу, алы жоктук, уйку келүү, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү кокустан колубузду кесип ала турган болсо ал көпкө бүтүүсү. Ошондой эле чачтардын түшүүсү, тырмактардын сынуусу. Андан сырткары эс тутумдун начарлашы, маанайдын жоголуусу булардын баары иммунитеттин түшүп кетүүсүнөн кабар берет.
COVID-19дан кийин иммунитет канча убакытка сакталат?
Негизи бул жаңы вирус болгондуктан толук изилденип бүтө элек. Ар кандай жагдайлар болуп калып жатат. Окумуштуулар 6 айдан 1 жылга чейин сакталат дешти эле. Бирок, практика жүзүндө текшере келгенде 3 айдан кийин деле түшүп калып кайрадан вирусту жугузуп алган учурлар деле болду. Андыктан вакцина дагы автивдүү иммунитеттин түрүнө кирет. Башкача айтканда вакцина аркылуу пайда болуучу иммунитет. Ар кандай имиштерге ишенип жарандар эмдөөдөн качып жатышат. Элди мындай ушактарга ишенбегенге чакырат элем. Ковид менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу эмдөөдөн өтүү. Андан башка жолу жок.
Ковид учурунда эмне үчүн коллективдүү иммунитет пайда болуш керек?
Коллективдүү иммунитет деген адамдардын көп бөлүгү эмдөөдөн өтүүсү. Эгер адамдардын 70% эмдөөдөн өтсө калган вакцина алганга ден-соолугу мүмкүнчүлүк бербеген ар кандай оорусу бар, кош бойлуу, эмчек эмизген, аллергиясы бар, химия алган жарандарды коргогон болобуз. Андыктан бул өтө маанилүү.
Ковидден кийин ден-соолукту кантип калыбына келтирсе болот?
Кант диабети менен ооругандар үчүн ковид-19 кооптуу
КОВИД-19 сактануу чаралары
Айгерим Кубатбекова