Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде өлкөнүн жети облусунан келип окуган окуучулар бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү жатакана менен камсыз болушкан. Ата-энесинен алыстап, кесип үйрөнүүгө келген окуучулардын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү №43 кесиптик лицейдин дарыгери Айчүрөк Байбосунова күн кечке алардын жанында.
№43 кесиптик лицейдин дарыгери Айчүрөк Байбосунова көп жылдан бери эмгектенет. Жатаканада ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды күнү түнү көзөмөлдөө түйшүгү дагы ага жүктөлгөн. Ал учурда жатаканада жашаган окуучулардын ден-соолугун чыңдоо, кышка карата сасык тумоодон сактануу, иммунитетти көтөрүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүүдө.
Айчүрөк Байбосунова адамдын иммунитетинин төмөндөп кетишинен улам ар түрдүү оорулардын келип чыгышы мүмкүн экендигин айтат. Ал үчүн окуучулардын тамак ашына иммунитетти көтөрүүчү азыктарды кошуу керек.
Иммундук система денени вирустар, токсиндер жана бактериялар сыяктуу козгогучтардан дайыма коргогон клеткалардын, процесстердин жана химиялык заттардын комплексинен турат. Инфекциянын жана оорунун алдын алуу үчүн күчтүү иммунитет керек. Иммунитет аш болумдуу тамактарды жеп, жетиштүү уктап, көнүгүү менен бекемделет.
Айчүрөк Байбосунова адамдын организмин оорулардан коргогон, иммундук системаны бекемдеген тамак-аштардын жана витаминдердин тизмесин сунуштайт:
«Азыр биздин жатаканада жашаган окуучулардын арасында ооругандар орточо көрсөткүчтү берүүдө. Дене табын текшерип, айылдык ооруканага алып барып дарыгердин көрсөтмөсү менен дарылап турамын. Күндүн суукташы менен сасык тумоолор күч алышы мүмкүн. Буга алдын ала иш аракеттерди көрүүдөбүз»,- дейт Айчүрөк Байбосунова.
Турсун Омуралиева