Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде кыска мөөнөттүк «Тигүүчү» кесиби окутулууда. VIBES долбоорунун алкагында Мирное айылынан 15-35 жаштагы кыз келиндерди №43 кесиптик лицейдин базасында тигүүчүлүк кесипке үйрөтүү үчүн кыска мөөнөттүк окуу курсуна 5 окуучу кабыл алынган. Учурда алар тигүүчүлүк кесипти өздөштүрүшүүдө.
№43 кесиптик лицейдин «Тигүүчү» кесибинин устаты Нургүл Абылкасымова кыска мөөнөттүк окуу курсуна ар кандай жаш курактагы кыз келиндерди окутуу менен бирге өндүрүштүк практикалык иштерди кошо жасатат. Азыркы убакта алар «ашпозчу» кесибинин окуучуларына баш кийимдерди тигишүүдө. Долбоордун алкагында пилоттук жамаат менен келген кыздар Мирное айылынан келип окушууда.
Буга №43 кесиптик лицейдин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Чынара Алиева эмгек рыногунда 15 жаштан 35 жашка чейинки аялуу жаштардын социалдык-экономикалык интеграциясын туруктуу жакшыртууга, турмуштук көндүмдөрдү жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана аларды эмгек рыногунда интеграциялоо үчүн ийгиликтүү колдонуу жөнүндө окутуудан өтүп келген.
Турсун Омуралиева