Тамак-аш,күйүүчү май жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баалары кескин өсүшүнө дээрлик бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде баалар 50-60 % чейин өстү. Кымбатчылык элдин жашоосуна бир топ кедергисин тийгизди,бул көйгөй өзгөчө карапайым адамдарга,мисалга алсак ,жумушсуз адамдарга, пенсионерлерге, туруктуу жумушу жок жарандарга кыйынчылык жаратты. Баалардын өсүшү, кымбатчылык тууралуу элдин пикирин билүү максатында айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк.
Алгач эле биз Кочкор айылынын тургуну Жеңишкүл апага кайрылдык. Ал кымбатчылыкка байланыштуу көйгөйүн төмөнкүчө билдирди: «Жашым 68 де,пенсионермин. Кочкордун базарында жайкысын кымыз сатам. Кымызды Кара-Кужур, Сөөк, Соң-Көл жайлоолорунан алып келишет. Кымыздын өтүшү жай, себеби элде акча жок. Азыр баары кымбат,былтыр кымызды 30 сомдон сатсак, быйыл 50 сомдон сатып жатабыз. Кымбатчылык кыйнап бүттү.Баалардын өсүшү пандемияга байланыштуу деп ойлойм. Алган пенсиябыз эч нерсеге жетпейт, анан айла жок ушинтип кымыз сатып оокат кылабыз. Тамак-аш кымбаттаганы аз келгенсип, эми чөп дагы кымбаттады, жерибиз деле жок, малыбызга чөптү сатып алабыз.»
Жеңишкүл апа
Кийинки сурообузду Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну Анарбек Асранкуловго бердик. «Атым Анарбек.Төлөк айылынын тургуну болом. Өзүм элдин малын алып 6 ай багам, чакан сарайым бар, алты айдан кийин жумуш жок бош болуп калам. Албетте кымбатчылыкта кыйналып эле атабыз. Төлөк суук, тоолу жер болгондуктан жашылча-жемиш өспөйт, жадагалса картошка да өспөйт, ошондуктан алардын баарын сатып алабыз.Бир козу сатсак 5-6 миң сом болот, ал акчабыз бир айлык тамак-ашыбызга жетпейт. Бүгүн Кочкордун базарына кымыз өткөргөнү келгем, анын акчасына кант,чай алып кетем.Көбүнчө мал менен оокат кылабыз, малдын да чыгымы көп,тоют кымбаттап өзүн актабай калды»,-деп сөзүн жыйынтыктады Анарбек.
Сурамжылоодон кийин базарды кыдырып күнүмдүк тамак-ашка көп керектелүүчү азыктардын бааларын билип көрдүк,алардын бааларын төмөнкү срөттөрдөн биле аласыздар.
Кочкор районуну борбордук базарында дайыма эл көп болуп соода кызуу жүрүп турат.
Бизге эң керектүү азык бул- ун. Ундун баасы 100 сомго көтөрүлгөн, мурун 1650 сом болсо,азыркы баасы 1750 сом.
Учурда нандын баасы 25 сомдон з0 сомго чейин.
Эт сатып алууга көп адамдын мүмкүнчүлүгү жок, себеби анын баасы 450 сом.
Экинчи нан катары эсептелген картошканын баасы 30-35 сом, майдасы 25 сом. Жакында Кочкордо картошка бышат,албетте, анын баасы да түшөт.
Шекерди колдонбогон адам жокко эсе болсо керек, азыркы кезде анын баасы 60 сом болуп 5 сомго арзандады.
1 даана жумуртканын баасы 10-11 сом
Тамак-аштардын ичинен өсүмдүк майы 3 эсеге кымбаттаган, учурда баасы түшө элек.
Ал эми 200 граммдык бир куту чайдын баасы 120 сом.
Помидор 30 сом, бадыраң 35 сом болсо, пияздын 1 килограммы 20 сом турат.
Эң пайдалуу азык болгон күрүчтүн баасы 60 сомдон 125 сомго чейин
Акыркы учурда Кыргызстанда таңсык болуп, баасы 100 сомго чыккан сабиз 50 сомдон сатылууда.
Бакыт Кожокматов