Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагында пандемия учурунда ооруну алдын алуу боюнча иштерин көзөмөлдөө үчүн атайын айылдык штаб түзүлгөн.
Штабдын төрагасы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ырысбек уулу, төраганын орун басары С. Талипова, штабдын катсысы Ж. Дүйшеев, мүчөлөрү үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери З.Эсенгулов, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору К. Асылбеков, «Акыл кенчи» балдар бакчасынын директору А. Кенжебаева, вет сервистин башчысы К. Азатбек уулу иш алып барып жатышты.
Эң алгач айылга блок посттор уюшулуп, айыл тургундарына чектөөлөр киргизилди
Бейтаптарга атайын стационарлар даярдалды
Айыл өкмөт тарабынан айыл тургундарына маскалар тигилип таратылды
Оорукана дары- дармектер менен камсыздалып турду
Ооруканага айыл тургундары 2 дем алдыруучу аппаратты өздүк салым менен алып келишти
Мед персонал толук иштеп, коргонуу кийимдери менен камсыздалып турду
Айыл эли өз каалоолору менен эмдөөдөн өтө башташты
«Азыркы учурда айылда коронавирус оорусу менен катталгандар жок. Элдер өз ден- соолугуна кам көрүп, өз каалоолору менен эмдөөдөн өтө башташты. Мурункудай айыл эли үйдөн өзүн- өзү дарылоодон баш тартып, кандайдыр бир өзгөрүүнү байкаган болсо, дароо башкы дарыгерге кайрылып жатышат. Ооруканада дарылардын толук болуп туруусу, айыл элинин коопсуздугу, саламаттыгы дайыма көзөмөлдө турат. Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, дезинфекциялоочу каражаттар таратылып турат «,- дейт штабдын төрагасынын орун басары Саламат Талипова.
Өз ден- соолугуңа кам көрүү менен башкалардын да ден- соолугуна жоопкерчиликтүү бол!
Акылай Алмазбекова