Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык айылындагы №3 гимназияда жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча тренинг өттү. Бул кичи-тренингге Эмгек синирген мугалим Гапыр Мадаминовдун Сүлүктү шаарындагы жана Лейлек районундагы шакирттери катышты.
Тренингдин катышуучулары
Солдон оңго биринчи Айша Абдиева жана катышуучулар
“Негизи эле Кыргызстан боюнча Гапыр Мадаминовдун эмгектери кеңири жайылууда. Ош мамлекеттик университети, “Ата-Түрк Ала-Тоо” Эл аралык университети баш болуп, орто окуу жайлары, гимназия жана мектептер Г.Мадаминовдун автордук Акыл эмгегинин маданияты, Устаттык өнөрү, Энелер мектеби китептерин негиз кылып, алдынкы педагогикалык технология катары үйрөнүүдө. Бул тренингден кийин биз деле Сүлүктү аймактык институтунун жаш мугалимдерине, студенттерге Гапыр Мадаминовдун эмгектерин жайылтабыз деген максат пайда болду”, — дейт Сүлүктү аймактык институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Айша Абдиева.
Сүрөттө ортодо Сүлүктү педагогикалык колледжинин директору Райхан Мадаминова
“Учур талабына ылайык биз Сүлүктүдөгү педагогикалык колледжде окутуунун жаны технологияларын үйрөнүп, керектүүсүн практикада колдонуп келебиз. Бул тренинг мен үчүн өтө пайдалуу болду. Тренинг учурунда алган маалыматтарды, тренингдин материалдарын жаны окуу жылы башталганда эмгек жамаатым менен бөлүшөмүн. Жаш мугалимдер үчүн тренинг уюштуруп беремин”, — дейт аталган окуу жайынын директору Райхан Мадаминова.
Сүрөттө Гапыр Мадаминов шакирттери менен
Барчынай Алимова