Бүгүн 12-июнь күнү Ача-Кайыңды айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Анда Жумалиев Адилет алдыга чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Жалпы айыл өкмөтүнө 3 талапкер: Адилет Жумалиев, Анарбек Жаныбек уулу жана Усеков Таалай койгон. Шайлоо алдында Усеков Таалай талапкерлигин алып, талапкерлерге ийгилик каалаган. Жыйынтыгында жаңы айыл өкмөт 8 добуш алганга жетишкен.
Ал 1993-жылы 25-июлда төрөлгөн. 2009-2012-жылдары Бишкек Финансылык Экономикалык техникумунда окуп, 2012-2016-жылдары Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Буга чейин Адилет Жумалиев эки жолу депутаттыка коюп, ийгиликтүү шайланып келген.
Ат-Башы районуна жаңы акимдин орун басары ишке киришти
Асел Үркүнбаева