Кочкор районунун Төлөк айылындагы » Соң-Көл» айыл өкмөтүндө шайлоо болуп, жаңы өкмөт башчылыгына Урмат Айманов келди.
Кочкор районунун Төлөк айылында 11-июнь 2021-жылы өкмөт шайлоо боюнча Айылдык Кеңештин депутаттары чогулган. Шайлоо жабык түрдө өттү, бул шайлоого Кочкор районундагы АШКнын төрагасы жана мүчөлөрү келген. Ал эми өкмөткө талапкерлигин төмөнкүлөр коюшкан. Эркин Чекирбаев, Урматбек Айманов, Касымбек Мамбеталиев, Эркинтоо Сулайманов. Шайлоого аз убакыт калганда эки талапкер Эркин Чекирбаев менен Эркинтоо Сулайманов элдин ынтымагы үчүн деп талапкерлигин алып салышкан. Ошентип, депутаттар добуш берүү менен Касымбек Мамбеталиев 5 добушка ээ болсо, Урматбек Айманов 6 добуш менен өкмөттүккө шайланды.
Касымбек Мамбеталиев өкмөткө талапкер болгон
Урматбек Айманов өкмөттүккө талапкерлигин коюп өтүп кеткен
Жаңы айыл өкмөт башчы менен таанышып алыңыз:
Айманов Урматбек Муканбетович 1981-жылы 3-майда Төлөк айылында туулган. 1998-жылы «Соң Көл» орто мектебин аяктаган. 1998-жылдан 2003- жылга чейин Ак-Чий дыйкан чарбасынын мүчөсү. Ошол эле убакта КГУСТА университетинин транспорт жана коммуникация адистигин алган.
2004-жылдан тартып ушул эле айылда «Соң-Көл» айыл өкмөтүндө жер жана коммуналдык адиси болуп иштеген.
2006- жылы «Соң-Көл» айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты.
2012-жылы айыл өкмөтүнүн милдетинин аткаруучусу жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп эмгектенген.
2013-жылдан 2017- жылга чейин «Соң- Көл» айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
2017-жылы Төлөк айылынын байланыш бөлүмүндө эмгек кылган.
Ошол эле жылдары Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде чарба башчы болуп иштеген. 2021-жылы «Соң-Көл» Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышында көпчүлүк добушка ээ болуп депутаттыкка келген.
Акталаадагы эки айыл өкмөттө шайлоо жараксыз болду
Бурул Майрамбек кызы