Ушул жылдын апрель айында Үч-Коргон айыл аймагында медиа маалыматтык сабаттуулук семинары болуп өткөн. Семинарга айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана аларды аныктоо, Баш мыйзам жана шайлоо тууралуу маалымат ала алышкан. Аталган семинардын катышуучулары медиа сабаттуулуктун жайылышына өз салымдарын кошо баштады.
Ар бир адам өзү жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарында жазылган укуктары жана милдеттерин билүүсү керек деп эсептейт Үч-коргон айыл аймагынын тургуну Кахрамонжон Шакиров. Ал апрель айында Үч-Коргон айыл аймагында медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышып, андан соң, өзү эмгектенген университетте дагы бул семинарды студенттерге өткөн.
Кахрамонжон Шакиров: “Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына биз катышканда Баш мыйзам тууралуу жакшы маалыматтарды алдык. Анда, референдумдун жыйынтыгы чыга элек эле. Ошондо мурдагы Баш мыйзам менен азыркы Баш мыйзамды салыштырып, анда өзгөртүүлөр жакшы түшүндүрүлгөн. Андагы айрым пункттар калктын жашоосу үчүн абдан маанилүү экен. Семинардан кийин, алган билимимди өзүм эмгектенген университетте дагы тренинг катары өтүп, Баш мыйзам тууралуу маалыматтарды бөлүштүк. Иш-чарага катышкан студенттер жана окутуучулар ыраазычылыгын билдирип, аларга пайдалуу болгондугун билдиришти”.
Үч-Коргон айыл аймагындагы орто мектептердин биринде эмгектенген Шахло Юлдашева медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышкандан кийин алган билимин өзү эмгектенген мектебине жайылтууда.
Шахло Юлдашева: “Фейк маалыматтарды чыныгы маалыматтардан айырмалоону үйрөнгөн соң, бул көндүмдөрдү биз өзүбүздүн айланабыздагы адамдарга өткөрүү керек экенин түшүндүк. Ал көндүмдөрдү мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерге чейин жеткирүүгө аракет кылдык. Фейк маалыматтарды айырмалоо боюнча мугалимдерге арнап семинар өткөрдүк. Ал эми окуучуларга жана ата-энелердин социалдык медиадагы тайпаларына көп маалыматтарды бөлүштүк. Азыркы учурда пандемияга байланыштуу ата-энелер дагы, окуучулар дагы көпчүлүк маалыматты социалдык медиадан алып калды. Бирок, барына ишене бербеш керек. Мындан улам, фейк маалыматтарды аныктоо жолдорун үйрөттүк”.
Кадамжай районундагы мектептердин биринде директор болуп эмгектенген Мухабат Турдалиева медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышкандай кийин андагы маалыматтарды жергиликтүү кеңеште жана педагогдор арасында бөлүшүп, медиа сабаттуу болууга чакырган.
Мухабат Турдалиева: “Семинарда мен Баш мыйзам тууралуу кеңири маалымат ала алдым. Ошондой эле бүгүн биз маалымат технологиялары менен жашап жатканда алдамчылык, фейк маалымат абдан көп кездешүүдө. Семинарда маалыматтын чын же жалганын аныктоону билдик. Өспүрүм балдар фейк тууралуу толук маалыматы жок болуп туруп, алардын жаратуучусу болуп калууда. Пандемия шартында окуу онлайн болуп жатканда окуучулар көп убактысын мобилдик телефон менен өткөрүп калды. Ошондо алар, фейк маалыматтарга ишенип, алданып жана аларды бөлүшкөн учурлары көп болду. Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын катышуу менен чындыктан жалганды айырмалоону үйрөндүм деп айтсам болот”.
11-апрель жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосу менен бирге Конституциянын жаңы редакциясы сунушталып, референдумга коюлган. Референдумдун жыйынтыгында, 5-май күнү өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы Конститутцияга кол койгон.
Жамааттык ЖМКлар Бирлиги 11-апрелге чейин медиа маалыматтык сабаттуулук иш-чарасынын алкагында аймактарда Баш мыйзамга байланыштуу сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 421 адам катышып, дээрлик 70%ын 30-45 жаштагы адамдар түзгөн.
Сурамжылоого катышкандардын 85% референдумга барып добушун берерин билдирген. Бирок, “Баш мыйзамдын жаңы редакциясы менен таанышып чыктыңызбы” – деген суроого 421 катышуучунун дээрлик 40% жок деген жооптуу тандаган.
Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы