2022-жылдын 28-ноябрында Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби жаңыланып ачылды.
2022-жылдын 25-июнунда өрт кырсыгына кабылып, окутуу үчүн жараксыз абалга келгендиктен азыркы К. Нуржанов №16 дарегиндеги Талас шаардык жаш өспүрүмдөр спорттук мектебине (Стеклянный) көчүрүлгөн.
Жаңы ачылган спорттук мектепте күрөш залынан тышкары кийим которуучу 3 бөлмө, эркектер жана кыздар үчүн душ бөлмөсү каралган. Капиталдык оңдоп- түзөө иштеринин алкагында электр-монтаж, жылытуу системасын калыбына келтирүү, борбордук саркынды суу системасына кошуу жумуштары аткарылды. Оңдоп-түзөө иштери аталган спорттук мектебинин тренердик эмгек жамааты тарабынан жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө спорттук мектеп өз машыгууларын ийгиликтүү баштады.
Бул тууралуу Талас шаардык мэриянын пресс-катчысы Перизат Мамырова маалымдады.