Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте 25-ноябрь күнү, Нарын облусунун экс-казысы Мамбетасан ажы Ибраев 7-11-класстар арасындагы окуучулар менен жолугушуп, аларды билим алуунун зарылдыгына, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сабак өттү.
Жолугушууда окуучуларга адеп-ахлак, китеп окуунун пайдалары туурасында кеңири пикир алышты. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экендигин, жаштар канчалык ыймандуу, билимдүү болсо, мамлекет дагы өнүгүп-өсөрүн баса белгиледи.
«Жаштарга айтарым жалкоолукка, үмүтсүздүккө жол бербей, бир гана алдыга гана умтулгула. Изденбей, эч аракеттенбей туруп ийгиликке жете албайбыз. Бүгүнкү окуучуларга арналган мотивация пайдалуу жана сиңимдүү болду деп ойлойм. Жалпы мектепке албан-албан ийгиликтерди каалайм»,- деди Мамбетасан ажы Ибраев.
Малика Жумабекова, Аяна Аскарова