Иш-чара Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, Жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүүдө.
Сынактын алкагында окуу кабинеттеринде жашылдандыруу иштер жүргүзүлүп, экологиялык бурчтар уюштурулду. Мугалимдер жана окуучулар табигый материалдарды колдонуп класстарды көрктөндүрүп, ар бир классты өзгөчө эко-мейкиндикке айландырууга аракет кылышты.

Айрым мектептерде окуучулар үчүн эксперименттик аянтчалар да уюштурулуп, балдар жөнөкөй каражаттарды колдонуу менен илимий тажрыйбаларды көрсөтүштү. Алар химия, биология жана физика сабактарында алган билимдерин практика жүзүндө колдонуп, ар кандай эксперименттерди жасашты.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Равшан Селеева белгилегендей: «Бул сынактын негизги максаты — окуучуларды жаратылышты сүйүүгө, айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөтүү. Мындай демилгелер балдардын экологиялык аң-сезимин калыптандырууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң жардам берет».

Иш-чара Балыкчы шаарындагы мектептерде экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана жаш муундарды жаратылышты коргоого тарбиялоого багытталган.
Зубаржад Жалилова