Иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун жана «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Сынак Балдар билим берүү борборунда өтүп, ага шаардагы билим берүү мекемелеринин таланттуу окуучулары катышты. Иш-чаранын негизги максаты – жаш таланттарды аныктоо, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн колдоо жана балдардын чыгармачылыгы аркылуу кыргыз маданиятын даңазалоо болуп саналат.

Катышуучулар вокал, хореография жана улуттук аспапта ойноо номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир катышуучу сахнада өзүнүн талантын көрсөтүп, мекенге болгон сүйүүсүн жана улуттук маданиятка болгон сый-урматын чыгармачылык аркылуу чагылдырды.

Сынак жаштардын патриоттук сезимин бекемдөөгө, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Равшан Селеева менен маек:
— «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» сынагын өткөрүүнүн негизги максаты эмнеде?
— Бул сынак «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун жана «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясынын алкагында уюштурулуп жатат.
— Сынакка канча окуучу жана канча мектеп катышты?
— Сынакка Балыкчы шаарындагы 13 мектептен жалпы 48 окуучу катышты. Катышуучулар алдын ала берилген заявкалардын негизинде тандалып алынды.
— Катышуучулар кайсы номинациялар боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү?
— Окуучулар вокал, хореография жана элдик аспаптар номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
— Мындай чыгармачылык сынактардын окуучулар үчүн мааниси кандай деп ойлойсуз?
— Мындай сынактар окуучуларды улуттук наркка, патриоттуулукка тарбиялоодо жана алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.
— Алдыда бул сынактын кийинки этаптары болобу?
— Шаардык этапта тандалган окуучулар облустук сынакка катышат. Андан соң республикалык этап өткөрүлөт. Учурда Балыкчы шаарынын билим берүү борборунун мугалимдери жеңүүчү окуучулар менен даярдык иштерин жүргүзүп жатышат.


Мындай сынактар жаштарды өз өлкөсүнө, улуттук маданиятына болгон сүйүүсүн арттырып, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Балыкчы шаарынын таланттуу окуучулары сахнада өз өнөрүн көрсөтүп, патриоттук сезимди жана маданий баалуулуктарды келечек муунга жеткирүүдө активдүү катышып жатышат.

Зубаржад Жалилова