Ленин муниципалдык администрациясы 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин жалпы шаардык ишембиликтер өтөрүн белгилешкен. Аталган демилгенин негизинде №119 Р. Мамыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери ишембиликке активдүү катышып, мектептин айланасын тазалашты.

Ишембилик учурунда мугалимдер мектеп аймагындагы арыктарды тазалап, таштанды жана курулуш материалдарын жыйнап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтиришти.
Математика мугалими Токтогулов Баймурзанын айтымында, мындай иш-чаралар тазалыкты сактоого жана биримдикте иштөөгө үндөйт:
“Бүгүн биз мектебибиздин айланасын тазалоо үчүн ишембиликке чыктык. Бул ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир адам өзү жашаган жерди, окуган мектебин таза кармаса, айлана-чөйрөбүз да таза болот. Ишембилик биримдикте иштөөгө жана жоопкерчиликке үйрөтөт. Мектебибиздин мугалимдери арыктарды тазалап, курулуш материалдарын жыйнадык. Кийинки ишембиликтерге да активдүү катышууга чакырам”, — деди ал.

Ал эми кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурзада Султанкулованын белгилешинче, мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү таза жана көрктүү сактоого өбөлгө түзөт.
“14-март күнү мектебибизде ишембилик өткөрүлүп, баарыбыз активдүү катыштык. Мындай иштер аркылуу айлана-чөйрөбүзгө кам көрүп, тазалыкты сактоого салым кошобуз. Бүгүн ишембилик биздин мектепте гана эмес, жалпы шаар боюнча өтүп жатат. Ар дайым тазалыкты сактайлы”, — деп билдирди Султанкулова.


Нурзада Султанкулова — кыргыз тили жана адабияты мугалими
» 14-март күнү мектебибизде ишембилик өткөрүлүп баарыбыз активдүү катышып, мектептин айланасын тазалоого чоң салым коштук. Ишембилик аркылуу мектебибиздин айлана-чөйрөсүнө кам көрөбүз. Бүгүн ишембилик биздин мектепте гана эмес, жалпы шаар боюнча жүрүүдө. Мындай иштер айлана-чөйрөбүздү таза жана кооз кылууга өбөлгө түзөт. Ар дайым тазалыкты сактайлы»- деп оюн билдирди.

Ишембиликке катышкан мугалимдер тазалык ар бир адамдан башталарын белгилеп, коомчулукту да айлана-чөйрөнү таза кармоого чакырышты.
Даярдагандар: Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова