14-март күнү Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтүндө жайгашкан бардык билим берүү уюмдары жалпы ишембиликке чыгышты. Ишембиликке мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын кызматкерлери активдүү катышып, билим берүү мекемелеринин айланасын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Алар таштандыларды чогултуп, мектеп жана бала бакча короолорун көрктөндүрүп, бак-дарактарды иретке келтирүү жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерин аткарышты..

Аталган иш-чарага Сокулук районунун Новое айылындагы Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамааты да катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине өз салымын кошту.

Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү таза сактоого, экологиялык маданиятты жогорулатууга жана коомдук жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова,Аида Карыбекова