Ак-Талаа райондук маданият үйүндө тоо булбулу М.Баетовдун 120 жылдык мааракесине карата «Өнөргө арналган өмүр» деген темада конференция өткөрүлүп, ага М.Баетовдун небереси Гаухар Баетова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери, маданият тармагынын өкүлдөрү катышышты.
Конференцияда алгач М.Баетовдун арбагына арналып куран окутулуп, анын басып өткөн жолу тууралуу даярдалган видеожүгүртмө көрсөтүлүп, докладдар окулду. Ошондой эле тоо булбулунун ысымын алып жүргөн М.Баетов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин, окуучулардын катышуусунда сценка көрсөтүлдү.
Ал эми «Мусанын урпактары» тобунун аткаруусунда Муса Баетовдун чыгармалары жаңырды. М.Баетовдун чыгармачылыгына арналган конференциянын катышуучулары таланттын сүрөттөрүнөн уюштурулган көргөщмөгө күбө болушту.
Зарина Бейшеналиева