Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө эркин күрөш багыты боюнча мелдеш өткөрүлдү. Күрөш оюндарына айыл өкмөт тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип жана жеке демөөрчүлөр да болду.

Күрөштөн жеңген балдар

Күрөштөн жеңген балдар
Т.Кулатов айыл өкмөтүнү «Кулатов келечек» жаштар спорт клубунун тренери, спорт комитети:
Абдулвахап уулу Орозбек: «Бүгүнкү мелдеш жогорку деңгээлде болуп өттү. Күрөш оюнуна Т.Кулатов айыл өкмөт тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Нурбек Айбашев жана Канатбек Абдишов демөөрчү болуп берди. Бул мелдешти уюштурганыбыздын негизги максаты балдарды патриоттуулукка, достукка жана эркин күрөштү жайылтуу максатында уюштурдук. Күрөштүн жеңүүчүлөрүнө белектер берилди. Балдарга кааларым Кыргызстандын желегин желбиреткен чыгаан уулдардан болушун жана бекем ден соолукту каалап кетем»,- деп билдирди Абдулвахап уулу Орозбек.
Жумагүл Көчкөнбаева