Кыргыз Республикасынын UWW панкратион боюнча чемпионаты болуп өттү. Ага Балыкчы шаарынын спортчулары катышып, ийгиликтерди жаратышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1-кубогу уюштурулуп, анда чоңдор арасында Чагатай Туратбеков(57кг) 1-орун, 15 жаштагылар арасында Акылбек Калмурзаев(45кг) 1-орун, 13 жаштагылар арасында Рамазан Бисенгалиев(45кг) 2-орун, 14 жаштагылар арасында Байэл Бейшенбеков(45кг) 2-орун, 17 жаштагылар арасында Субатай Туратбеков(71кг) 3-орун, Кайрат Мамытбеков(57кг) 3-орун, Арсен Муратбеков(52кг) 3-орунду алышты.
Асылмырза Эсентуров
Жаш спортчулардын машыктыруучусу Асылмырза Эсентуров: «Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна 400гө жакын күчтүү спортчулар катышты. Алар өлкөнүн ар тарабынан келишти. Даярдыктар февраль айынан тарта Балыкчы шаарында өттү. Алдыдагы эл аралык мелдештерге даярдыкты күнүнө кылып жаттык»-деп билдирди.
Чагатай Туратбеков
Акылбек Калмурзаев
Зубаржад Жалилова