Нуркыз Апышева мобилдик телефонго эле мыкты сүрөттөрдү тартып келет. Ал сүрөт тартууга колдонуп жаткан телефонун республикалык олимпиадада утуп алган.
Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин даярдоо курсунун студенти Нуркыз бир жыл мурун республикалык олимпиадага катышкан. Анын жыйынтыгында биринчи орунду камсыз кылып, телефон утуп алган. Утушка келген телефон аны кыялына жетелеген.
“Республикалык олимпиадага кыргыз тили сабагы боюнча катышкам. Ошол жактан биринчи орунду алып, Redmi 8A үлгүсүндөгү телефонду утуп алдым. Бул телефонду дагы пайдалуу нерселерге колдонуу максатында айылымдагы таланттуу улан-кыздарды сүрөткө тартып баштадым. Аларга макияж жасап, сүрөттүн маанисин ача турган кийимдерди кийгизип, телефонго эле тарта баштадым«.
Фотография боюнча атайын билим алган эмесмин деген Нуркыз, жан дүйнөсүнүн көксөөсүн аткарып келээрин билдирет. Анын сүрөт дүйнөсүнө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган.
“Үйдө атам сүрөт тарткандыктан, бала кезимден менин дагы сүрөт дүйнөсүнө болгон кызыгуум жаралды. Бул тармакты мындан ары өнүктүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүм бар. Көбүнчө мага пейзаж сүрөттөрүн тарткан жагат. Жаратылышка карап, суктанып, анын кереметтерин сүрөткө камтыганды жакшы көрөм«.
Сүрөт көргөзмөмдү өткөргүм келет…
Сүрөт: Окуучулар окуган мектебине таштанды челектерин орнотушту
Касиет Кубанычбек кызы