Аматжан Тажибаев учурда агасын издеп жатат. Агасы Ош облусунун Ноокат районунун Кашкалдак айылында жашаган экен. Көп жылдан бери издеп тууганын таппай келген Аматжан редакцияга кайрылды.

Кара костюмчан солдон биринчи Маматжан Тажибаев
«Тажибаев Маматжан Досматович 1955-жылкы. 1994-жылы Бишкекте Сокулук районунда жашап жүргөн, экинчи аялынын аты Гулсун Нарындан болот, 1967-жылкы, ал аялдан Адина Мадина деген кыздары бар деп укканбыз.

Оңдон солго биринчи Маматжан Тажибаев
Агам соодагерчилик кылат эле. Бишкекке барып, Новопавловка деген жерде жашап жаткан. Мен бир жолу барып, ал жерден алып келгем, бирок кайра кетип калган, ошондон кийин биз аны таппай калдык. Агам жашаган жерге барсам үйлөрүн сатып, кетип калышыптыр.

Мойнунда ак кара шарф тагынган
1994-жылы кеткен бойдон дайынсыз Сокулуктагы үйүн сатып жибериптир, таппай кабарлаша албай калганбызга 27 жыл болуптур.
Агамды издеп көп жыл өттү. Кайда экени белгисиз. Маматжан Тажибаевди тааныгандар болсо кабарлап койсонуздар. Алдын ала барыныздарга ыракмат.
Маматжан ага сизди күтүп жүрөбүз» — деди Аматжан Тажибаев.
Тааныгандар болсо kyrgyzmedia.kg жазып коюңуздар.
Тагдыр: 27 жылдан кийин kyrgyzmedia.kg аркылуу атамды таптым
Айдай Жапарова