Сокулук районунун музыка мугалими Бүбүсара Жалалова кадимки үй-тиричилигинде колдонуп келген чынылардан күү чыгарат. Окуучулары дагы аны кызыгуу менен үйрөнүп алышкан. Айрым чыгармаларды комуз жана башка аспаптардын коштоосунда аткарышат.
Жамааттык медианын студиясына “Эл собол”программасына Бүбүсара Жалалова окуучулары комузчу Сейил Рамилбек кызы жана Афиза Муратбекова менен келип өнөрлөрүн тартуулап кетишти. Бүбүсара Жалалова музыкага болгон сүйүүсү мектеп убагынан тарта эле пайда болгонун айтат. Анын айтымында ата-энеси дагы музыкага жакын адамдар болушкан:
“Менин атам дагы энем экөө тең мызыканы сүйгөн адамдар болушкан. Атам айтып калчу мектепте окуп жүргөндө эле бир дагы иш чара менин ырымсыз өткөн эмес деп. Мен дагы мектепте окуп жүргөн учурда көп ырдатышчу эми ал кезде музыканттар дагы аз эле. Бул багытта көптөгөн сынактарга катышып жүрдүм. Жогорку окуу жайда дагы музыкалык билим алып, бул багытта иштеп калдым.”
Бүбүсара Жалалова ооз комуз, комуз, фортепиано жана баязда ойнойт. Музыкага жакын адам кайда болсо аны издээрин айткан музыкант. Тамактанып отуруп чыныдан нота издеп баштаган:
“Үйдө адаттагыдай эле тамактанып отуруп капысынан кашык чыныга тийип кеткенде башкача үн чыкты кайра башкасына уруп отуруп 7 нотаны таап көрсө болобу деген ой келди. Ошентип коңшулардын, жакындардын үйлөрүнө барып отуруп калган ноталарды тапкан учурларым болду. Ноталарды таап алган соң оңой ырларды ага түшүрүп алгач кызыма үйрттүм андан кийин окуучуларга үйрөтү тарап баштадым. Окуучулардын кызыгуусу күч.”
Чыныдан күү чыгарууда алгач ал ыр адамдын ичинде ойноп туруусу керектигин айткан Бүбүсара Жалалова алгач балдарга тааныш орус элинин “Шайыр каздар” ырын чыныда күүгө салганды үйрөткөн. Учурда “Жаштар маршы”, “Кер өзөн”, сыяктуу күүлөрдү чертишет:
“Алгач чыныда күү чыгарардан мурда ал ырды балдар ичинде ырдашы керек. Аларга ыр тааныш болболсо музыка чыкпайт. Быйыл “попури” үйрөндүк эле анда дагы биринчи ырды берип кайра-кайра угузуп же өзүм баянда ойноп берип жүрөгүнө сиңиргенден кийин гана күү кылып чыгарабыз.”
Белгилей кетсек Бүбүсара Жалалова өзү эмгектенген мектепте окуучулар үчүн музыка куржогун ачып балдарды ар кандай аспаптарда ойноону үйрөтүп келет. Бир катар кароо-сынактарга катышып алдыңкы орундарды алганга жетишкен.
9 жаштагы Нурислам чыны менен музыка ойнойт
Айгерим Кубатбекова