Үй-бүлөнүн ынтымагын бекем сактоо үчүн ынак мамиле болуу керек. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара мамилелери урмат-сый, ишеним, чынчылдык, бири-бирин колдоо, адилеттик, бирдиктүү иш алып баруу, жакшы карым-катнаш, чыныгы жакшы көрүү деп билемин. Бул мененин үй-бүлөдөгү жеке принцибим.
Биздин өлкөдө эркектердин коомдук чөйрөгө, өлкөнүн саясий жана экономикалык турмушуна катышуусун колдоого алган далили үчүн кандайдыр бир деңгээлде жоопкер экендиги басымдуулук кылат. Андыктан, бул көрүнүш эркектердин ишмердүүлүгүy көбүрөөк чагылдырылып тургандыгы анык. Экинчи жагынан, аялдардын көбүнчө үй-бүлөдө болуп, үйдүн камын көрүшү колдоого алынат, натыйжада алар чечимдерди кабыл алуучу адамдардын арасында аз санда болуп, көбүнчө эркектерге экономикалык жактан көз каранды болуп калышат.
Ошондуктан, бул көрүнүш аялдардын жашоо турмушун тандоосунун жана эркиндигинин чектелишине алып келет. Коомчулуктун жашоосун жакшыртууга жана экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган жигердүү аялдардын дээрлик көпчүлүгү коомго аралаша албай калышат.
Бирок айрым заманбап түгөйлөр балдарды тарбиялоодо уул кыздарына бирдей мүмкүнчүлүктөрү бар болуп өсө турган шарт түзгөндөр да жок эмес. Бул жолу Жаңы-Жер айылында жашаган Талант Султанбаевдин үй-бүлөсү менен маек курдук.
Үй-бүлөнү бекемдөө үчүн эң негизги ынак мамиле керек деген каарманыбыз Талант Султанбаев менен болгон маекте төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Үй-бүлөнүн бузулушу, пикир келишпестиктер негизи эле тарбияга келип такалат. Үй-бүлөдө эч убакта кызды эркектен же тескерисинче, уул- баланы кызынан артык көрүп тарбиялоо болбойт. Мисалы, менин бир уулум эки кызым бар. Жалгыз уулум деп эркелетип кыздарыма башкача мамиле кылгандан алысмын. Мындай тарбия кыздарыма да, уулума да пайда алып келбейт.
Албетте, кара жумуш же оор иштерди эркек балага жасатып, үйдөгү майда нерселерге кыздарды жумшаган туура. Бирок эч убакта аларга «сен кыз болгонуң үчүн муну жасабашың керек» же тескерисинче, «сен эркек болгонуң үчүн тигинден баш тартышың керек» деген чектөө койбоймун.
Мисалы, үй-бүлөдө экөөбүз тең иштегендиктен үй жумуштарын аткарууда аялдын же эркектин жумушу деп бөлүнбөйбүз. Апабыз жумушка кеткенде уйду өзүм сааймын. Эгер мен жумуштан кечигип калсам уулум саайт. Кызым ат минип уй тосуп келет, себеби ал өзү ат мингенди аябай жактырат. Үй жумуштарын өздөрү айттырбай жасаганга аракеттенишет. Албетте бала да кээде ойунга алаксып калган күндөр болот. Бирок алар баардыгын мен каалагандай аткарууга милдеттүү эмес да. Кечкисин тамак үстүндө үйдөгү маселелерди чогуу талкуулаганга аракет кылабыз. Балдар менен көп сүйлөшүп баарлашсаң ошол жеткиликтүү болот эмеспи. Үй жумуштарын аткарууда сүйлөшүп эле чечип алабыз. Үйдө уулумду аты айтып тургандай Султан Сулейман деп эркелетип, кыздарыма султаншалардай мамиле кыламын”.
Айжамал Омуралиева: «Биздин үй- бүлөдө аялдын жумушу же эркектин жумушу деп бөлбөйбүз. Негизи эле азыркы учурда бөлүп кереги жок экен. Себеби, биз жолдошум экөобүз тең иштейбиз. Мага караганда жолдошум үйдө аз болот. Себеби жумушу өтө жоопкерчиликтүү.
Ошондуктан кээде унааны өзүм айдап чарбачылык иштерди бүтүрүүгө, мал жандыкты кароого туура келет. Бирок жолдошум мени дайыма колдоп турат. Үйдө олтур, аялдын орду үйдө! дегендерден эмес. Тескерисинче мен жумушта ал үйдө болуп калса бардык жумуштарды өзү бүтүрүп койот.»
Ал эми Талант Султанбаевдин уулу Сулайман Сагынбековдон «Уй сааганды кантип үйрөндүң?» деген суроо узатканыбызда ал төмөнкүчө жооп берди;
«Мен уй сааганды атамдан үйрөнгөнмүн. Апам жумушка кеткенде уйду дайыма атам саайт. Атамды көрүп мен дагы кызыгып калдым. Сен азыр кичинекейсиң дей берүүчү. Бир күнү макул деп үйрөттү. Азыр апам үйдө болсо деле өзүм саай берем. Кийинчеээкк бул менин эле жумушум болуп калды.
Карындашым Амина колум жыттанып калат деп уй саагысы келбейт. Атамдын жанында машине оңдошуп, мал тосушуп жүрө берет. Кичүү карындашым Камила болсо апама жакын. Аны биз апамдын кызы дейбиз. Ал тамак жасаганды жакшы көрөт».
Бүгүнкү маектешүүдөн кийин, үй-бүлөдө бири- бирине колдоо көрсөтүп турушса, үй-бүлө мүчөлөрү тең укуктуу болсо үй-бүлөнүн ынтымагы бекем болор эле деген ишеним калды.
Турсун Омуралиева, Айдай Жаныбекова