Коронавирус (COVID-19) оорусуна каршы вакцина боюнча туура так маалымат берүү учурдун талабы.
Эл арасында коронавирус (COVID-19) илдетине каршы вакцина алуу боюнча ар кандай тастыкталбаган маалыматтар кыйла жайылып кетти. Азыркы учурда айыл тургундарынын вакцина боюнча канчалык денгээлде маалыматы бар экендигин билүү максатында сурамжылоо жүргүздүк.
Алгач айыл тургуну Алмакул Алымкулованын айтуусунда: “Мен өзүм вакцинаны алган жокмун, себеби интернетте айтылган маалыматтарга карап ойлонуп жүрөм, көпчүлүк терс жагын гана айтып жатышат. Мисалы, адам ар кандай оору менен ооруп каларын, же өнөкөт оору күч аларын. Эгер чындап эле вакцина жакшы жардам берсе ошону медицина кызматкерлери карапайым элге түшүндүрүп туура маалымат таратышса жакшы болмок. Бул нерсеге убакыт керек деп ойлойм.
Бирок, интернет аркылуу көрүп жаткан маалыматтардан соң ишенүү кыйын, ошондуктан мен алган жокмун. Вакцинанын эки түрү бар экендигин уктум. Вакцина жакшы жыйынтык берсе ден -соолугум үчүн алуудан коркпойм бирок азыр так маалыматым жок болгондуктан, бир аз коркуу сезими бар.”
Кызыл Туу айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкери Гульнура Толобаева эмдөөнүн жакшы жыйынтык берерин айтып төмөндөгүдөй маалымат берди: Бүткүл кыргыз элиме айтарым ишенгиле, ковидге каршы эмдөөнү алыңыздар, бул жакшы жардам берет. Эмдөө алуу менен адам таптакыр оорубай калат дегендик эмес, эгер адам ооруп калса дагы женил өтөт дегендик. Вакцинаны адамдар акырындап ала башташты. Биз өзүбүздүн медицина кызматкерлери да алдык. Эч кандай коркунучтуу симптомдор деле болгон жок. Ал эми интернет аркылуу таркаган кээ бир жалган тастыкталбаган маалыматтарга ишенбениздер. Алар акча табуу максатында чыгарылган видео рекламалар десек болот. Баарыңыздарга ден-соолук каалайм”.
Нурзат Момуналиева