Акыркы учурда Ковид-19 вирусу кайрадан күчөй баштады. Адистер вирустун үчүнчү толкуну башталганын официалдуу түрдө жарыялашты. Алардын айтымында оорунун эч кандай белгилери билинбей эле башталат. Көпчүлүк ата-энелер балдарын сыртка чыгаргандан кооптонушуп, балдар каникулду өз үйлөрүндө эле өткөрүп жатышат.
Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин окуучулары жайкы каникулду пайдалуу өткөрүп жатышат. Кээ бирлери англис тили жана башка курстарга катышып тил үйрөнүп жатышат, кай бирлери спорт менен машыгып футбол ойношсо, айрымдары китеп окуп билимин тереңдетишүүдө. Төмөнкү сүрөтбаяндан кененирээк маалымат ала аласыздар.
Окуу жылынын аягында мектептин 10-классынын окуучулары класс жетекчиси Эркин Түлөкеева менен Туз айылында жайгашкан туз шахтасына экскурсияга барып келишти. Туз шахтасынын ден-соолукка пайдасы абдан зор, өзгөчө астма оорусуна миңдин бири.
Ушул эле класстын окуучулары Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебине экскурсия жасашты. Бул мектепте жаныбарлар музейи бар. Экскурсиянын максаты окуучуларга аймакты таанытуу, жергиликтүү жаныбарларды таанып билүү болуп саналат.
Музейде карышкыр,чөө, аюу, каман, суур, кашкулак жана башка жаныбарлар катырылып коюлган.
Жогорку класстын окуучулары каникулда убакытты пайдалуу өткөрүшүп, айылда жайгашкан Келдибек Эсенбаев атындагы китепканада китеп окушуп, Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданышууда.
Кенже класстын окуучулары да өздөрүнө ылайыктуу китептерди окушуп, пайдалуу маалыматтарды алып турушат.
Англис тилин жогорку деңгээлде билүү замандын талабы. Райондун борборунда жайгашкан тил үйрөтүү курсуна барып катышкан окуучулар да бар.
Арафат жана Адинай бош убактыларында компьютердик курска катышып, компьютердик сабаттуулугун жогорулатушууда. Алар келечекте мыкты программист болууну кыялданышат.
Спорт- ден-соолуктун булагы. Мектептеги кичи футбол аянтчасына окуучулар кечки салкында келип футбол ойношот. «Келечекте мыкты дарбазачы болсом»,-деп кыялданат Ашыр.
Деңиз. 11-класстын окуучусу: «Футбол менин сүйүктүү оюнум. Кечке ата-энеме жардам берип, кечинде газонго келип ден-соолугумду чыңдап турам «.
Райондун борборунда жайгашкан эс алуу багынан да окуучуларды кезиктирүүгө болот. Шаардыкындай аттракциондор болбосо да, көңүлдүү убакыт өткөрүүгө болот.
Айбек: «Эс алуучу жайга бат-баттан келип самокат тепкенди үйрөнүп алдым».
Ал эми айрым окуучулар каникул учурунда ата-энелери менен биргеликте жаратылыш койнунда эс алышат. Таза аба, күндүн нуру, кооз жаратылыш балдардын ден-соолугуна абдан пайдалуу.
Жаңы-Жер: Балдарыңыз жайкы каникулду кайдан өткөрөт?
Айыл тургуну: «Балдарымды шаарга вирустан кооптонуп жиберген жокмун»
Бакыт Кожокматов