«Өнөр кербени-2026» чыгармачыл 1-республикалык кароо-сынагында Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 6-классынын окуучусу Байэл Асанов аккордеон аспабында аткаруусу аркылуу 1-орунду ээлеп, чоң ийгиликке жетишти.

Нарын шаарында облустук деңгээлде өткөрүлгөн музыкалык «Өнөр кербени-2026» музыкалык конкурста облустун бардык аймактарынан келген музыкалык мектептердин окуучулары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Аталган сынакта Байэл Асанов Молдобасан Мусулманкулов атындагы Кочкор райондук балдар искусство мектебинин атынан конкурска барган.

Байэл Асанов
Байэл Асанов конкурс жөнүндө кийинки маалымат берди:
«Өнөр кербени-2026» 1 республикалык кароо-сынагы Нарын шаарында өткөрүлдү. Бул конкурска көптөгөн таланттуу окуучулар келишиптир. Жогорку деңгээлде уюштурулуптур, катышуучулардын аткаруусу калыстар тобу тарабынан чеберчилик, сахна маданияты жана музыкалык образды ачып берүү жагынан бааланды. Бул сынакта мен аккордеон менен «Боз Салкын» күүсүн аткарып, атаандаштарынын ичинен өзгөчөлөнүп жеңишке ээ болдум. Бул жеңиш- үзгүлтүксүз машыгуунун жана устат мугалимимдин эмгегинин жыйынтыгы десем жаңылышпайм жана ошондой эле ата-энемдин колдоосу да маанилүү ролду ойноду.»

Таджикистан респудликасындагы өткөн кароо-сыгында утуп алган диплому
Жеңүүчү диплом жана сыйлыктар менен сыйланып, келечекте республикалык деңгээлдеги конкурстарга катышууга жолдомо алды. Мындай ийлиликтер жаш муундун маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, өнөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Даярдагандар: Канайым Мирланова, Мырзайым Төлөбекова