Апрель айында Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болгон. Ал жергиликтүү тургундарга багытталып, катышуучулар фейк маалымат жана аны аныктоо, шайлоо жана Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр ж.б тууралуу маалымат алышкан. Дээрлик 2 ай аралыгында семинардын катышуучуларында кандай өзгөрүү болду?
Батырбек Алымбеков Сокулук районундагы Новое айылынын тургуну жана айылдын имамы. Ал буга чейин диний чөйрөгө тийиштүү айрым маалыматтардын фейк экенин медиа маалыматтык сабаттуулук семинарында билген. Айрым маалыматтарды окуганда күмөн санап калчумун, семинардан маалыматты текшерүү ыкмаларын үйрөндүм дейт ал.
Батырбек Алымбеков: “Жалган маалыматтар динде ушак, айың деп аталса, журналистика тилинде фейк деп аталып, фейк маалыматтарды кантип аныктаса болот экени жөнүндө маалымат алдык. Белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун плакат кармап түшкөн сүрөтүн месенджерлер аркылуу келсе аябай таң калгам, ишенип ишене албай жүрөктүн түпкүрүндө жүрчү. Кудай жалгап ошол күнү семинарда ал фейк маалымат экенин билдим. Элге динде эле эмес, далилдүү чөйрөдө да фейк маалыматты таратуу болбойт. Маалыматты бөлүшүүдө да этият болуу керек. Жалган маалымат эл ортосунда ынтымакты ырбатаарын, алдануунун туткунуна түшүрөөрүн билдик. Өзүң билгенди башкалар менен бөлүш дейт эмеспи. Коомчулук менен тыгыз иш алып баргандыктан медиа сабаттуулук тууралуу билгенибиз менен бөлүшүп жатабыз”.
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлү Көнөк жамааттык мультимедиа борбору тарабынан Кызыл-Туу айылында өткөрүлгөн. Иш-чарага элүүдөн ашык айыл тургундары катышкан. Алардын арасында алдыңкы жылдары шайлоого катышабыз деген жаштардын өкүлдөрү дагы болгон.
Ырыскан Керимбаева: “Семинарда мен Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана шайлоо тууралуу кеңири маалымат алдым. Канча жаштан баштап шайлоого катышса болот, жергиликтүү кеңешке шайлоо, ЖК шайлоо боюнча түшүндүм жана досторума, туугандарыма маалымат бердим. 3 жылдан соң сөзсүз эрежелерди сактап, мыйзамга баш ийүү менен шайлоого барып катышам деп турам. Жалган маалыматтарды шашып, дароо жөнөтпөй башка булактарга кирип, текшерүүнү үйрөндүм. Жалган маалымат болуш керек деп күмөн санаган маалыматтарды текшерип, окшош маалыматтар менен салыштырып, чын же калп экенин текшерүү көндүмүн үйрөндүм”.
Жергиликтүү элдин медиа сабаттуулугун арттырууга багытталган семинар Facebook аркылуу дагы түз эфирде чагылдырылган. Айрым айыл тургундары семинарды түз эфир аркылуу көрүшкөн.
Альфиза Муратбекова: “Facebook аркылуу түз эфирден өтүлгөн семинарга катышып маанилүү маалыматтарды ала алдым. Семинардан кийин WhatsApp аркылуу “тезинен ушул маалыматты 10 кишиге жөнөт — кубанычтуу кабар угасың, жөнөтпөсөң — үйүңдө жамандык болот” — деп келген билдирүүлөрдү эч коркпостон жөнөтпөй калдым. Жакындарыма, туугандарыма ушундай СМСтерди жөнөтпөгүлө, жалган маалыматтарды жайылтуу менен виртуалдуу жашоонун курмандыгы болуп калаарыбызды түшүндүрүп жатам. Себеби телефондон келген фейк маалыматтарга ишенип, аны башкаларга бөлүшүү туура эмес экенинин, фейк деген эмне экенин семинарда угуп, түшүндүм. Сынчыл ой жүгүртүү менен ар бир кылган ишибизге кылдаттык мамиле кылууну, убакыттын курмандыгы болбоону үйрөндүм”.
Дагы бир мектеп окуучусу Жандос Жамбыл уулу семинардан кийин өздүк маалыматтарга кылдат мамиле кылып калгандыгын билдирди. Ал өзүмө тийииштүү маалыматтардын бардыгын эле социалдык медиага жазбай калдым дейт.
Жандос Жамбыл уулу: “Семинардан кийин социалдык медиалардагы аккаунттарыма толук аты-жөнүмдү, дарегимди ж.б маалыматтарды толук жазбай, пароль, логиндерди ар бир баракчага өз-өзүнчө ачып калдым. Мындан тышкары, Баш мыйзам жөнүндө маалымат алып, адам жана коом сабагынан классташтарыма, мугалимге айтып берип, маалыматтар менен бөлүштүм. Шайлоо маалында мыйзам бузуулар болсо ИИМге арыз жазса болоорун билип, канча айып пул төлөнө тургандыгын түшүндүм. Телефонго документтерди сүрөткө тартып жөнөтүү туура эмес экенин билип, тааныштарыма сунуштап келе жатам жана атам менен апама дагы бул туурасында айтып бердим”.
Белгилей кетсек, медиа маалыматтык сабаттуулук семинарлары Кыргызстандын 22 айыл-районунда март, апрель айларында болуп өткөн. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
Шайлоо тууралуу оюм өзгөрдү…
Медиа сабаттуулук семинарында мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат алдык…