Апрель айында Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өткөн. Жергиликтүү элге арналган семинар жакшы натыйжасын берүүдө. Мындай пикирди Төлөк айылындагы №4145 шайлоо округунун төрайымы жана семинардын катышуучулары билдирди.
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Төлөк айылында 11-апрель жергиликтүү кеңештин депутататтарынын шайлоосу жана референдумга чейин өткөрүлгөн. Семинарга айыл тургундары катышып, шайлоо өнөктүгүндөгү фейк маалыматтар, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр, коомдук турмушта кездешкен жалган маалымат жана аны аныктоо тууралуу маалымат алышкан. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлү Соң-Көл жамааттык мультимедиа борбору жүзөгө ашырган.
11-апрелде болуп өткөн шайлоодо мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бир топ алгылыктуу өзгөрүүлөр болду дейт №4145 Төлөк шайлоо окургунун төрайымы Сабира Сарыгулова.
Сабира Сарыгулова: “Шайлоого чейин эле шайлоочулар өздөрүн тактап, тизмеде бар же жок экенин тактап жатышты. Ошондой эле биометрикадан өтпөгөн 18 жараныбыз бар эле. Алар дагы бизге суроо менен кайрылып, учурунда барып, биометрикадан өтүп келишти. Андан тышкары, шайлоочулардын саны 60-70%га жетип, бул шайлоодо эл активдүү болду. Мурдагы шайлоодо мынчалык келип катышкан эмес эле. Шайлоо дагы абдан калыс жана адилеттүү, тынч өттү деп айта алам. Ошондой эле мурдагы шайлоодо өйдө-төмөн сөздөр болуп келген. Бул шайлоонун артыкчылыгы байкоочулар дагы, шайлоочулар дагы, айтор бардыгы маданияттуулугун көрсөтүп, шайлоо жогорку деңгээле өттү. Бул өзгөрүүлөргө медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын таасири болду деп ойлойм. Мындай тренингдердин өтүп туруусу элдин жашоо-турмушу үчүн абдан пайдалуу экенине ушул өзгөрүүлөрдөн улам ынандым”.
Элдин медиа маалыматтык сабаттуулугун арттырууга багытталган семинар жергиликтүү тургундардын жашоосуна дагы пайдасын тийгизүүдө. Семинардын катышуучусу Мелисбек Жумалиев бул билимди дагы да жайылтуу керек деп эсептейт.
Мелисбек Жумалиев: “Медиа сабаттуулук семинарынан биз көп нерсени үйрөнө алдык. Тактап айтканда сынчыл ой-жүгүртүү жана интернетти туура пайдалануу, жалган маалыматтарды бөлүшө бербей, аларды алгач анализдөө керек экенин билдим. Бул көндүмдөрдү дагы жайылтуу керек. Анткени, жашоодо эки адам сүйлөшүп жатып, бири жалган сөз сүйлөшү мүмкүн. Ал эми интернетте биз билбеген, тааныбаган адамдарга эле ишенип, өздүк маалыматтарыбызды сураса бере коюп, акча которо койгон учурлар кездешип жатат. Карапайым эл мындай учурларга кабылбашы үчүн сөзсүз медиа сабаттуу болушу керек”.
Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын дагы бир катышуучусу Кудайберген Шаршенаалы уулу окутуудан кийин маалыматты тактоо керектигин санаалаштарына айтып, сынчыл болууга чакырып келет.
Кудайберген Шаршенаалы уулу: “Фейк маалыматтар далилденбеген, элди бүдөмүккө салган маалыматтар экен. Ошол эле беткаптардан курт чыкты деген маалыматтардын жалган экенин семинар учурунда бизге көрсөтүп беришти. Фейкти аныктоо инструменттери абдан пайдалуу экен. Анын натыйжасында башка адамдар фейктерге ишенип жатканда, менде сынчыл көз-караш пайда болуп, аларды аныктап, ошол ишенип жаткандарга дагы анын фейк экенин далилдеп берип жаткан учурларым болду. Жалган маалыматка ишенген, маалыматты иргөөнү билбеген адамдар көп экен. Билгеним менен бөлүшүп жатам”.
Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
Медиа сабаттуулук семинарында мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат алдык…
Медиа сабаттуулук семинарынан кийин кетирген кемчиликтеримди түшүндүм…