Апрель айынын башында Кочкор районунда медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар өткөн. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Кочкор жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн. Семинар жергиликтүү тургундарга арналган жана катышуучулар фейк маалымат жана аны аныктоо, Баш мыйзам жана шайлоо ж.б тууралуу маалымат алышкан.
Эки айдан кийин биз семинарга катышкан айрым адамдардын ой-пикирлерин угуп, алардын жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу ойлорун уктук.
Күнүмдүк жашообузда миңдеген маалымат чыгып жатат. Аларга ишенүүдөн, маалыматты кабыл алуудан мурда анализдөө керек экен дейт Кочкор районунун тургуну Сурма Кукеева.
Сурма Кукеева: “Семинар биздин жашообузга тыгыз байланыштуу экен. Анткени, буга чейин социалдык медиада, интернетте айрым маалыматтарды окуп алып, капа болчумун. Семинардан кийин айрым маалыматтардын жалган болоорун, бардык маалыматка эле ишене бербөө керектигин түшүндүм. Фейк маалыматтардан мисалы өткөндө Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев каза болду десе, окуп алып капа болгом. Көрсө, бул жалган маалымат экен. Андан кийин, Тажикстан менен Кыргызстандын алакасына байланыштуу ар түрдүү жалган маалыматтар, видеолор тарады. Ошондой эле беткап жөнүндө жалган маалымат чыккан күнү окуп, ага ишенип эртеси күнү мектепке келип эле окуучуларыма медициналык беткаптарды тагынбагыла деп жатпаймынбы. Бирок, анын баары жалган маалымат экен… Бул нерселерди мен семинардан кийин түшүндүм”.
Кочкор районунун дагы бир тургуну Мыктыбек Астраханов медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышып, өзүмдүн жашоомо анализ кыла алдым деп билдирди.
Мыктыбек Астраханов: “Тренингден кийин көп нерселерди кабыл ала алдым. Мисалы, мурда менин жашоомдо шайлоо жөнөкөй эле нерседей сезилип, анча маани берчү эмесмин. Ал эми семинарга катышкандан кийин өзүмдү-өзүм көзөмөлгө алып калдым. Шайлоодо добуш сатып алууга, туура эмес агитацияларга терс көз-карашта болуп калдым. Бул тренинг менин өздүк жашоомо анализ кылууга чоң өбөлгө болду. Ошол эле шайлоого барып, шайлоодогу терс көрүнүштөрдү байкай дагы алдым, өзүмдөгү кемчиликтерди да таба алдым. Негизи мындай тренингдер жергиликтүү элге көп өткөрүлүп турса деген ойдо калдым”.
Жылдыз Актанова апрель айында өтүлгөн семинар сынчыл болууга үйрөттү деген оюн ортого салды.
Жылдыз Актанова: “Сынчыл ой-жүгүртүү, сынчыл көз-караш менен кароо деген программасы абдан жакты. Семинардан кийин жарнамадан кандай көрсөтүлүп жатат, жашообузда кандай болуп жатат, ал продукциянын чыккан мөөнөтү, ошол учурдагы абалына байкоо салып калдым”.
Нурзат Каныметова семинардан кийин социалдык медиага кетирген убктымды кыскартып, өзүмдү көзөмөлгө алып калдым дейт.
Нурзат Каныметова: “Медиа сабаттуулук семинары мага өзгөчө таасирин тийгизди. Себеби дегенде, мен смартфонду жакшы колдоно албайм. Социалдык медиадагы фейк маалыматтардын кандай экенин билдим. Инстаграмдагы ар бир адам менен эле достошо бербеш керек экен. Социалдык медианын дагы акылдуулук менен колдонуш керек экен. Фейсбук жана инстаграм социалдык медиаларын көп колдончу элем. Семинардан кийин аларга кетирген убактымды кыскартып, өзүмдү көзөмөлгө алып калдым. Мурда, ошол социалдык баракчалардан чыккан жарнамалар, акцияларга аябай ишенип, миңдей аккаунтка катталып алыптырмын. Андан кийин аларды иргеп калдым”.
Белгилей кетсек, медиа маалыматтык сабаттуулук семинары Кыргызстандын 22 айыл-районунда жүзөгө ашты. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
Медиа сабаттуулук семинарында мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат алдык…