Жакында Москва шаарында «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү залкар комузчу, күүчү жана обончу, аткаруучу Нурак Абдырахмановду эскерүү максатында «Нарын Тенир –Тоо» коому тарабынан уюштурулду. Ага Россиянын Москва шаарында эмгектенип жана жашап жаткан нарындыктар катышып, залкар комузчунун өмүр-баяны, чыгармалары тууралуу баяндамаларды жасашты.

Иш-чаранын алкагында таланттуу, ыр-музыкага шыктуу тенир тоолуктар эскерүү кечеге келген көрөрмандарга чоң программадагы концерт тартуулоо менен бирдикте Н.Абдырахмановдун чыгармаларын жогорку чебечиликте аткарган таланттарга уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Учурда Москва шаарында иштеген Женишкүл Бактыбай кызы аталган коом тарабынан кыргыз элинин, анын ичинен Тенир-Тоонун таланттары, тарыхый инсандары ж.б тууралуу иш-чаралар дайыма өтүп турат. Анткени алыста жүргөн мекендештерге бул дем,күч берип турат.
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова