Бүгүн Ак-Талаа районунда белгилүү композитор, СССРдин жана КРнин Эмгек сиңирген артисти, дирижер Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленди. Салтанат КРнын Гимни менен башталды.
Ага КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев,Өкмөттун Нарын облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район тургундары, мекеме жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары, коомдук ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, композитордун туугандары катышты.
Алар өз кезегинде сөз алып, композитордун кылымга калчу музыкалык мурасы тууралуу кеп кылышты. Мааракелик салтанаттын жүрүшүндө өмүр чыгармачылык жолуна байланыштуу илимий конференция өтүп, анда илимпоздор, музыка изилдөөчүлөр, тарыхчылар композитордун кыргыз музыкасындагы баа жеткис симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесалары, вокалдык чыгармалары баса белгилешти. Анын Ч.Айтматовдун ”Саманчынын жолу” повести боюнча жазган балет ораториясы кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизген. Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси Калый Молдобасанов Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири. Улуу таланттын замандаштары, таанып билгендер , бирге иштешкен кесиптештери Молдобасановдун адамкерчилик сапаттарына да токтолушту. Салтанаттуу маараке Т.Сатылганов атындагы филармониянын камералык хору жана А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттеринин, Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин Молдобасановдун калемине таандык музыкаларынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова