Кыргызстанда граждандык коомду жана демократиялык укуктук мамлекетти курууда, саясий аң сезим маданиятын жогорку деңгээлин калыптандыруу жана өнүктүрүү зарылдыгы күндөн- күнгө өсүүдө. Саясат, саясий система, бийлик түшүнүктөрү бүгүнкү коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Бийликтин бир бутагы, партиялар тууралуу түз эфирде сөз болду.
«Демократия сааты» программасынын алкагында, партия деген эмне, кандай укуктарга ээ, ким партияга мүчө боло алат деген суроолорго түз эфирден, Аскар Шабданов жооп берди. Аскар Шабданов азыркы учурда Талас шаарынын депутаты жана ошондой эле «Кыргыз Демир Банкынын» Талас филиалынын жетекчисинин орун басары. Программа социалдык тармактарда дагы түз эфирде болду, окурмандардан кызыктуу суроолор түштү.
Эфирди толугу менен, 15 — октябрь саат 11:00до Бакай-Ата радиосунан уга аласыздар.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова