Тогуз-Торо районунун 9-10-11-класстар арасында Жаңы-жылга койгон максаттарым темасында сынак уюштурулган. Сынак окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү максатында уюштурулду. Иш-чара Тогуз-Торо ФМ радиосу тарабынан өткөрүлүп, комиссия тарабынан аныкталган эң таамай жана кызыктуу максатын жазган 4 окуучу зарыл болгон техникалык колдоо алышты.
Сынактын катышуучулары Тогуз-Торо ФМ радиосунун студиясына келишти, анда радиодогу журналисттер окуучуларга максатты кантип коюу керек, максаттардын орундалышы боюнча кеңештерди беришти. Жолугушуунун соңунда жеңүүчүлөргө белектер берилди. Техникалык колдоо катарында 2 микрофондуу караоке колонкасы, АirPods жана Powerbank тапшырылды. Калган катышуучуларга китептер ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр:
1) №10 Калдыбай атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Марлен Шамшидинов
2) №4 Иманберди орто мектебинин 11-классынын окуучусу Элзира Шайлообаева
3) №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нуриза Жумагулова
4) №7 Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Эвелина Жумабекова байгелүү орундарга жетишти.
Катышкан окуучулар төмөнкүдөй ойлору менен бөлүшүштү:
Шамшидинов Марлен: «№10 Азамат уулу Калдыбай мектебинин 9-классынын окуучусумун. 2024-жылы Тогуз-Торо ФМ уюштурган сынакка катышып, максаттарымды түзүүгө себепчи болду. Конкурстун жыйынтыгында мен эл алдынан сүрдөөнү жеңдим. Максаттарыма жетүүгө болгон күчүм менен аракет тыштадым. Тогуз-Торо ФМ радиосунда иштеген эжейлерге рахмат бизге эң жагымдуу сөздөрүн арнашты».
Элзира Шайлообаева: «Мен конкурска катышкан окуучулардын арасынан 2-орунду алдым. Бул менин 2024-жылдагы биринчи ийгилигим. Сыйлыкка AirPods алдым. Аябай сүйүндүм. Иш чара мага аябай жакты, анткени пайдалуу маалыматтарды ала алдым. Бул конкурстун артынан мен уялбай, өзүмдүн оюмду ачык айтууну үйрөндүм».
Нуриза Жумагулова: «Мага бул иш чара абдан жакты, мен үчүн абдан пайдалуу болду жана ошондой эле жаңы досторду таап, алар менен баарлаштым. Ар бирөөнүн кыялын, максаттарын угуп кенен сүйлөтүк. Ар бир адамдын өзүнө ыйлайыктуу сүйгөн хоббиси жана чектөөсүз кыялдары болот экенин түшүндүм.
Эвелина Жумабекова: Иш-чара мага чоң мотивация берди десем болот. Анткени ушундай иш чараларга катышып орундарга жеткенде, менин колумдан келет турбайбы деп шык берип дагы алдыга умтулууга жол ачат десем болот».
Эвелина Жумабекова