18-январь күнү Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде республикалык олимпиаданын II баскычы башталды. Ага райондун аймагындагы орто мектептерден 415 окуучу катышууда.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда окуучулар 10 предмет боюнча билимдерин сынашат.
“Олимпиаданын тапшырмалары билим берүү министрлигинен таңкы саат 7.00дө электрондук дарекке келип түшөт. Аларды бөлүмдүн кызматкерлери өздөрү гана чыгарып, даярдашат. Ал эми жооптору түшкү саат 14.00дө жиберилет. Информатика жана чет тилинен башка предметтер боюнча бир гана бөлмөдө (спорт залда) өтөт. Окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн медицина кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар. Олимпиада өтүп жаткан жерде мугалимдер же комиссия мүчөлөрү болбойт. Таза өткөрүүгө аракеттер көрүлөт”, — деп билдирди Каныбек Эсеналиев.
Олимпиадада предметтик комиссиядан сырткары талаш-тартыш комиссиясы жана жалпы жүрүшүнө байкоо жүргүзүүчү кеңеш түзүлгөн.
Акимдин орун басары Кенже Карагулова жана байкоочу кеңештин мүчөсү Кубан Бугубаев олимпиада-окуучуларга билимдерин тастыктоочу, далилдөөчү, сынап көрүүчү иш-чара экенин айтышып, ийгилик каалашты.
Барчын Мамытбекова