Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагындагы ден соолукту чыңдоо фитнес борбору 2023-жылдын октябрь айында ишке берилген. Ден соолукту чыңдоо борборуна айыл тургундары келип машыгып, жакшы жыйынтыктарды көрүүдө.
«Ден соолукту чыңдоо борборунун ачылганына 2 айдын жүзү болду. Кулатов айыл аймагындагы тургундар келип, үзгүлтүксүз машыгып жатышат. Азырынча туруктуу иштөө графиги түзүлө элек, жакында айылдык кеңешинин депутаттары чоң апаларга, келиндерге, эркектерге жана жаш балдарга карата графикти түзүп беришет. Ден соолукту чыңдоо борборуна машыгуу үчүн айыл тургундар айына 1000 сом, күнүнө 50сомдон төлөшөт. Себеби, электр энергиясы жана тазалоо иштерине акча каражат жумшайбыз. Буйруса жакшы жыйынтыктар болуп, көпчүлүк айымдар ашыкча салмактуулуктан арылууда», — деп билдирди Арык-Тейит айылынын тургуну Анипа Сыдыкова.
Кулатов айыл аймагынын тургуну Райхан Бакирова фитнес клубуна 1 жумада 2 жолу келээрин билдирди.
«Фитнес клубу ачылгандан бери келип тынымсыз машыгып, жакшы жыйынтыктарды көрүп жатам. Мен өзүм 65 жаштамын балдарым жана 18 неберем бар алар да менин машыгуума каршы эмес. Биз айылдык ден соолук комитети командасы менен биргеликте килем согобуз, сайма саябыз жана кийимдерди токуйбуз. Биздин жумушубузду ар дайым олтуруп алып жасаганга байланыштуу бел омурткаларыбыз ооруп калат. Ошол себептен фитнестке келип, ден соолугубузду чыңдап кетебиз», — дейт Райхан Бакирова.
Жумагүл Көчкөнбаева