Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №11 айылдык китепкана башчысы Өзубекова Акылай 1985-жылы Токмок шаарындагы маданият техникумунун ”Китепканачы” бөлүмүн бүтүрүп келип, ушул китепканада 38 жылдан бери эмгектенип келет. Ал өзүнүн чакан китепканасы тууралуу кененирээк айтып берди.
“Бул китепкана 1974-жылы уюшулган. Азыркы жайгашкан орду айыл өкмөтүнүн биринчи кабатында. Китепкана 4 бөлмөдөн турат. Китепканада 9226 даана китептер бар, алар орус жана кыргыз тилиндеги ар кандай тармактагы адабияттар. Китепканада китеп фондусун көбөйтүү максатында 2011-жылы ”Китеп ордо борбору” деген темада марафон уюштурулуп, китепканага 2 стол, 1 китеп коюучу шкаф жана 105 ке жакын китеп менен камсыз болгон. 2014-жылы айыл өкмөтү тарабынан 2 компьютер, 1 түстүү принтер, проектор берилген. 2019-жылы “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негизинде айыл тургундарынын, шаардагы студенттердин колдоосу менен 385 даана китеп чогултулган. ”Биз бирге окуйбуз” марафону болуп ата-энелер тарабынан дагы 50го жакын китеп, ошону менен бирге райондук китепканадан дагы 34 даана китеп берилген», — деп билдирди китепканачы Өзүбекова Акылай.
Китепканага жыл сайын жаңы 600дөн ашык окурмандар келет. Алар мектеп окуучулары, айыл өкмөт кызматкерлери, медиктер, мугалимдер, пенсионерлер, жаш балалуу келиндер. Жыл ичинде 4534 окурман келип, 7141 даана китеп окулат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандарга үйлөрүнө барып китептерди окуп берем. ”Поэзия сүйүүчүлөр ийримин” түзүп ага айылдагы эже-синдилер, окуучу кыздар келип ырларын жазып, кечелерди уюштуруп турушат. Жайкысын балдарга жайкы лагерь уюштуруп китеп окуп, кыргыздын улуттук оюндарын ойноп, жаратылышка да алып чыгабыз. Окуучулар электрондук китептерди окуп, интернеттен керектүү маалыматтарды алып кетишет. Мектеп окуучулары менен адабий кечелер, тегерек стол, диспут өтүлсө, бакчадагы бөбөктөргө жомоктор дүйнөсүнө саякат кылып, жомокторду окуп берем. Келечекте айыл тургундары үчүн кенен залы бар, окурмандарга толгон чоң, жылуу китепкана курулса деген тилегим бар.
Азема Кудуева, Дилде Таалайбекова