Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Сулпиева Айтолкун айыл өкмөт ичиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилгендигин айтты.
“Кышка карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, айыл өкмөтүнүн бюджетинен, калкка жардам көрсөтүү статьясынан 100 миң сом бөлүнүп, 55 үй-бүлөнү көмүр менен камсыздадык. Анын ичинен 11 үй-бүлө багар-көрөрү жок, 19 адам ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, калган 25 жаран жакыр аз камсыз адамдардын ичине кирет. Айыл өкмөт боюнча 55 адамга ар бирине 350 кг көмүр таратылды. Аны акчалай эсептегенде 2450 сомдон ар бир үй-бүлөгө жардамдар берилди», — деп билдирди Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Сулпиева Айтолкун.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө баардыгы болуп 8007 калк бар, анын ичинен өтө жакыр деп эсептелинген 375 үй-бүлө бар. Жалпылап айтканда айыл өкмөтүнүн 29,8% өтө жакыр болуп эсептелет. Көмүр менен камсыздоо жыл сайын каралып, акыркы 4 жылдан бери берилип келет. 2023-жылы 90миң сом бөлүнүп берилген, быйыл 100 миң сом бөлүнүп берилди.
Арууке Эсенбекова, Таалайбекова Дилде