Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында кыз-келиндерге,спортзал салынууда. Спортзалдын курулушу эл тарабынан каржыланып, ашар жолу менен, айылдын жаштары өз күчтөрү менен салып жатышат. Курулуштун алдында айыл аксакалдары элди чоглтуп, аларды биримдикке, ынтымакка чакырып батасын беришти. Эң башкы жоопкерчиликти 1976-жылы туулган атуулдар өз колдоруна алып, кыштын суугуна карабастан чатырын жаап бүтуштү. Жайы менен пайдубалы куюлуп, кирпичи көтөрүлүп, эми чатыры жабылды.
«Айылыбызда алгылыктуу иштер быйыл көп болду. Жакында эле балдар үчүн спорт аянтчасы, тигүүчү цех салынган. Эң сүйүнүчтүсү биз үчүн спортзалдын салынып жатканы. Кыштын кычыраган суугуна карабай бир аз күн жылый калды эле көпчүлүк деген жакшы экен, бир заматта чатырын жаап коюшту. Эми буюрса ичи, эшик терезелери бүтүп ишке кирсе кыз-келиндердин пландары көп», — деп билдирди Бала Чычкан айылынын тургуну, ден-соолук комитетинин мүчөсү Анаржан Музообашева.
Жергиликтүү айымдар ден-соолукту чыңдагыбыз келет, спорттук оюндарды уюштуруп келин-кыздар арасында волейбол ойносок деген пландары бар экенин дагы билдиришти. Мектеп окуучулары, ата-энелер, мугалимдер, жаш келиндер арасында мелдештерди уюштурабыз. Бош убактыбызда барып топ ойноп, чуркап, машыгып турабыз
Дилде Таалайбекова, Азема Кудуева