«Бакай-Ата FM» жамааттык радиосунун түз эфиринде, 9 октябрда «Демократия сааты» программасынын алкагында, аялдардын шайлоодогу активдүүлүгү тууралуу сөз болду.
Уктуруубузду Кыргызстандагы аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу маселесин козгодук. Өлкөдө учурда аялдардын саясий активдүүлүгү кандай? Аялдар алдыда боло турган шайлоолорго канчалык жигердүү катыша алышат? Ушул суроолорго, атайын чакырылган коноткор жоопберип, кызыктуу маек курушту.
Айрым иликтөөлөрго караганда, соңку жылдары Кыргызстандын саясий турмушунда аялдардын орду төмөндөөдө жана мындай жагдай эң ириде өлкөдөгү оор экономикалык, социалдык абал менен шартталып жатат. Кыргызстандын калкынын 51 пайызын тузгөн аялдардын бүгүнкү күндөгү экономикалык, социалдык абалы оор бойдон кала берүүдө.
Эфирдин коноткору, журналист — Жоомарт Бейшеналиев, Өзгөрүш айылынын депутаты — Токтобай Бечелов жана Бакай-Ата районунун аялдар кеңешинин төрайымы — Надира Сыдыгалиева болушуту. Программанын башында, 30% квота тууралуу баян даярдалды, ошондой эле социалдык тармактан түз эфир жүрүп жатты.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова