Нарын районуна караштууКуланак айылынын кичинекей тургуну Саламатов Нурэл 2 класстын бүтүрүүчүсү. А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу келечекте бийчи болууну каалайт.
Ал бийлеп ырдаганды жакшы көргөндүктөн эл астына тартынбай бийлеп ырдаарын энеси Базаркүл айым баса белгилеп өттү.
«Биздин 5 балабыз бар. Анан баарынан өзгөчөлөнүп Нурэл ырга бийге шыктуу. Шыгын көрүп эжеси буфер микрофону менен алып берген. Бир туугандарынын экинчиси. Үйгө конок келсе деле конокко барсак деле бийлеп берейинби же ырдап берейинби деп сурана берет. Кээде макул болуп коём».
Нурэлдин таланты төмөнкү видеодо:
Бул видеону кошунасы тартып алган.
Баласынын талантын байкаган ата — эненин үмүтү чоң. Музыкалык билим берүү үчүн борбордон окутуу керектигин. Ал жакка жиберип окутууга азыр шарты жок болгондуктан, мектепте ырдап бийлегенге гана мүмкүнчүлүгү болуп жаткан мезгил.