Акталаада 7 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды. Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринин директорлору өз каалоолору менен директорлук кызматын өткөрүп берсе, жети орто мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда жети мектептин директорлору жумуштан бошотулуп, алар убактылуу иштеп жатышат.

“Жобо боюнча сынакка педагогикалык жогорку билими жана 7 жылдан кем кем эмес педагогдук эмгек стажысы бар, мурда соттолбогон, жарандар катыша алат. Мурдагы директорлор дагы катыша алышат. Ал эми бала бакча жана балдардын билим борбору боюнча азырынча маалымат жок. Бул жолу мектеп директорлору үчүн гана сынак болуп жатат. Сынак Нарын облусунда 24-августта өтөт”,- дейт.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында беш жылдан ашык иштеген мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Барчын Мамытбекова