Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда “Манас, маданият жана туризм” фестивалы жетинчи ирет өткөрүлдү. Фестиваль кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын, улуттук кийимин жана тамак-ашын, “Манас” эпосун даңазалоо жана туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулуп, ага жергиликтүү жана облустагы райондордун, Нарын шаардык бийлик өкүлдөрү, тургундар жана чет өлкөлүк туристтер катышты.
Көл жээгиндеги фестваль “Манас” эпосундагы кыргыздардын Алтайга айдалышы жана Манас баатырдын төрөлүшү тууралуу окуяларды чагылдырган спектакль менен башталды. Андан соң белгилүү манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, айыл аймактардагы “Шайыр апалар” топторунун, маданият тармагындагы өнөрпоздордун жана бийчи кыздардын концерти менен коштолду.
Концерт учурунда Кореядан келген туристтер кыргыз музыкаларына бийлеп, өтүп жаткан фествалды кубануу менен кабыл алышты.
Мынданы сырткары улуттук тамак-аштардын жана алардын жасалышы, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулду. Фестивалдын соңунда иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүгө жигердүү катышкандарга ыраазычылык кат тапшырылды.
Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук тартипти, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлери саламаттыкты көзөмөлдөдү.
Барчын Мамытбекова