Тогуз-Торо райондук А.Сыдыков атындагы маданият үйүнүн алдында «Биздин сыймыгыбыз-Бегимай!»-аттуу жолугушуу аземинде чет элдик ырчылардын өз убагында хитке айланган жандуу ырларын созолонто ырдап чыгармачылыгын тартуулады.
Тогуз-Торо районунун эли чыдамсыздык менен жылуу маанайда, Бегимайды тосуп алышты. Дарыядай болуп токтобой ырдап, ырдаган сайын шаңшып, ыр казынасы түгөнбөгөн нукура талант экен деген пикирлерин Тогуз-Торонун тургундары баса белгилеп өтүштү.
Райондун акими Мирлан Карагулов, Гүлжамал Султангазиева, маданият үйүнүн жетекчилери жакындан колдоо көрсөтүп, Бегимайга шарт түзүп, жергиликтүү тургундарга, чыгармачылыгын тартуулаганга шарт түзүп беришти.
Булбул ундүү Бегимай Турусбековага апалар бата берип, чыгармачылыктагы жолу байсалдуу болсун деп, каалоо тилектер айтылып жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, Тогуз-Торолук Бегимай Турусбекова борбор калаадагы «Ынтымак» сейил багында ырдап, эртеси соц түйүндөрдүн жылдызына айланган.
Анара Мааметова