Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Тогуз-Торо районунун жамааттык радиосунун угуучуларынын суроолоруна жооп берди.
Түз эфир учурунда министр Президенттин 2022 жылдын 1 июнунан жөлөкпулдарды жогорулатуу жөнүндө Жарлыгынын ишке ашырылышы жөнүндө маалымдады, министрлик ишке ашырып жаткан долбоорлор жөнүндө да айтып берди.
Мындан сырткары, Тогуз-Торо районунун тургундары менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, улгайган жана майыптыгы бар жарандар менен жолугуп, суроо жоопторуна, жооп бергенге келгенин кошумчалады.
Жалпысынан Жалал-Абад облусунун социалдык муктаждыктарына 2022-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинен 3 миллиард 240 миллион сом бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын беш айында министрлик облустун социалдык муктаждыктарына 1 миллиард 300 миллион сом бөлдү.
Анара Мааметова