Ак-Талаа райондук К. Султангазиев атындагы маданият үйүндө салтка айланган “Жаш талант-2019” кароо-сынагы өткөрүлдү. Аталган сынакты Балдар билим берүү борбору өткөрүп, катышуучулар 8 багытта ат салышты: “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, дастан айтуу, ырларды аткаруу, улуттук аспаптарда ойноо, бий, сүрөт жана улуттук кол өнөрчүлүк.
Сынак улуттук маданиятыбызды, тарыхыбызды, тилибизди, биримдүүлүктү, улуу “Манас” эпосун даңазалоо максатында фольклордук чыгармаларды аткаруу, жайылтуу жана жаш муундардын чыгармачылыгын өстүрүү максатын көздөйт. Катышуучулардын жекече аткаруудагы нукура өзгөчөлүгүнө жана формасына көңүл бөлүнүп, калыстар тобу тарабынан катышуучулар байгелүү орундарга ээ болушту. Соңунда гала-концерт менен коштолуп, орун алган катышуучулар грамота менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты мектеп номинациясы дагы тапшырылды. 1 жана 2 орунду алган катышуучулар Нарын шаарында 30-апрелде өтүлө турчу сынакка катышышат.
Даярдаган: Муктарова Аймырза