Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген. Өлкөдө сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын 60%дан ашыгы, болуп өткөн окуя тууралуу укук коргоо органдарына жана жакындарына айтып беришпейт.
«Колум, мурдум сынганча сабады…»— 45 жаштагы Кундуз жолдошунан көргөн зомбулук жөнүндө
Кундуз Нарын шаарынын тургуну. Ал үй-бүлөсүнүн улуу кызы болгондуктан, ата-энесине жана бир туугандарына каралашуу үчүн мектепти бүткөндө эле борбор калаага барат. Кундуз Бишкекке келип тигүү цехтеринин бирине жумушка орношот. Жумушу эми гана жүрүшүп баштаганда күтүүсүз жерден атасынан айрылып калат. Бул Кундузга чоң сокку болуп, жашоосун таптакыр башка нукка бурган.
«Атамдан айрылып, жашоонунун түйшүгүн мурдагыдан дагы көбүрөөк тарта баштадым. Үйдө атам эле иштегендиктен, мен аны аячумун. Атам каза болгондон кийин баардык жүк мага жүктөлдү. Атамды жерге берип, кыркын өткөрүп коюп, кайра борбор калаага келдим. Бишкекте эки жылдай цехте иштеп, апама жана үйдө эки бир тууганыма жардам бердим. Анан бир бала менен цехтен кокусунан таанышып калдым. Бирок ага менин көңүлүм жок болчу, болгону ага катары эле сыйлачумун. Бир күнү кеч курун жумуштан чыккандан кийин мени уурдап барып, үйүнө алып барып отургузуп койду. Апамдар менен сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Эки күндөн кийин гана үй-бүлөмө айтышты. Ал убакттын ичинде мени зордуктап дагы койду. Айла жок апамдар келгенде үйдө калууга аргасыз болдум», — дейт ал.
Үйлөнгөндөн кийин бир айга чукул эл катары жашап, уруш-талашсыз күндөрдү көп эле өткөрүшөт. Бирок баары анын кайненеси Орусияга кеткенден кийин башталат.
«Үйдө апам (кайненем) барда жакшы болчу. Ал Орусияга иштегени кеткенден кийин жолдошумдун маскасы чечилип, чыныгы жүзү ачылды. Күндө уруш, жаңжал. Кичинекей эле кынтык таап уруш чыгарчу. Досторунан кызганып эле күн көрсөтпөй сабай баштады. Өзүмдүн апама дагы айта албадым. Анткени жаңы эле келин болуп келип, даттанып жатат дебесин деп. Күндөр өтө берди.Ошентип жүрүп боюма бүтүп калды. Мен төрөгөнчө жолдошум кудайдын кутту күнүндө сабап жүрдү. Ал курулушта иштечү, тапкан акчасынын жарымын гана үйгө алып келет. Калганын достору менен эс алганга жумшайт. Бир күнү ичип келип мени колум сынганча тынбай сабады. Эси оогондо чарчап, уктап калды. Таң атканча бурчта ыйлап отурдум. Колум шишип кеткенинен эртең менен ооруканага бардым. Барсам дарыгерлер “колуң сыныптыр, таңышыбыз керек” деп таңып беришти», — деп түшүндүрдү ал.
Кундуздун айтымында, бара-бара жолдошу экөөнүн мамилеси сууп, бири-бирин жек көрө башташкан. Бирок ал ортодо Кундуздун экинчи жолу боюна бүтүп кете албай калган. Ошол күндөрдү ал ыйлоо менен эскерет.
«Мамилебиз уже сууп, жолдошума болгон жек көрүүм күндөн күнгө күчөп баратты. Муну жолдошум дагы сезди окшойт. Бирок ал ортодо менин дагы боюмда болуп калды. Кете албай калдым. Анткени ичимдеги бала менен апам деле үйгө киргизбейт болчу, башка барар жерим жок болчу. Бир күнү жолдошум ичип келип дагы сабады. Мурдум сынганча сабаптыр, катуу кыйкырып жиберсем кошуналарым жардамга келди. Мурдумдан кан токтобой ооруканага алып барышты. Бир жумадай ооруканада жатып дарыланып чыктым. Бул күндөр өтө берди, бирок экинчисин уул төрөдүм. Азыр дагы кол көтөрөт, денемде шрамдар калды. Эмне кылаарымды, кайда барарымды билбейм. Мени эки балам менен ким батырмак эле. Эптеп күн кечирип, урганына карабай чыдап жүрөм», — деп ыйлады Кундуз.
2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашуун учуру катталган. Алардын 9038не убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга берилген. Ал эми 2022-жылдын алгачкы 5 айында үй-бүлөдөгү зомбулуктун 3 988 учуру аныкталган.
«Зомбулуктун алдын алуу үчүн милициянын көчмө кабылдамасы, жергиликтүү өкмөттүн өкүлдөрү жана аялдар уюмунун өкүлдөрү менен бирге региондордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Айылдагы зомбулук көргөндөргө эле эмес, аларга башка дагы укуктук дагы кандай жардам керек болсо ошолорду жеринен чечип жатышат. Бул дагы болсо зомбулукту азайтып жатат», — деп кошумчалады ал.
Мыйзамдын алсыздыгы зомбулукту көбөйтөт
Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзам баарына бирдей иштеш керек деген пикирин айтты. Ал мыйзамдар бардык адамдарга бирдей иштебеген үчүн зомбулук көргөн аялдар укук коргоо органдарына ишенбей, кризистик борборлорго кайрыларын белгиледи.
«Статистикада көргөзүлгөн акыркы маалыматтар бул туура эмес. Анткени статистикага кирбей калган учурлан көп. Көпчүлүк учурда зордук көргөн айымдар укук коргоо органдарына ишенбестик кылат. Анткени арыз жазган учурда дагы туура эмес карап коюшат, же укук коргоо органдары өздөрү кайра жабыркагандарды кемсинтишет. Бул албетте жат көрүнүш. Биз бул боюнча бардык фактыларды чогултуп, БУУна доклад даярдап жатабыз. Бизге дагы зомбулук көргөндөр көп кайрылат. Биз бардык жагдайын карап, акыйкат укугун коргоп бергенге аракет кылабыз», — деди ал.
Абдрахматова зордук-зомбулуктун алдын алуунун бир жолу болгону мыйзамдарды так иштеттүү керектигин кошумчалады.
«Кыргызстандын булуң-бурчунда зомбулук көргөн аялдар көпчүлүгү эч кимге айтпай жашырып жүрө берет. Ошон үчүн жаман окуялар болуп атат. Качан гана күйөсү аялын өлтүрүп койгондо анан ачыкка чыгып жатпайбы. Буга бирден бир себеби мамлекеттик укук коргоо органдарынын жакшы иштебегендиги. Мисалы зомбулук көргөн аял милицияга арыз жазса, анын укугун коргогондун ордуна кайра аларга акыл үйрөтүшөт. Ошол үчүн мамлекет тез арада мындай окуяларга кам көрбөсө, муну көргөн кийинки муундун балдары агрессия менен чоңоёт. Анан коомдун аң сезимин толугу менен өзгөртмөйүнчө, биз эч качан мыйзамды сыйлап-урматтай албай калабыз», — дейт “Шанс” кризистик борборунун адиси Адинай Жапаралиева.
Мындан сырткары Жапаралиева зомбулукту алдын алуу үчүн зомбулук көрсөткөн жарандарга коррекциялык программалар бар экенин дагы белгиледи.
«Кризистик борборлордун ассоциациясына жалпысынан 14 кризистик борбор кирет. Андан тышкары дагы башка борборлор бар. Айрым кризистик борборлордо коррекциялык программалар бар. Аны сөзсүз түрдө аял менен эркек жүргүзөт. Азыр Ош шаарында жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатат. Жакында дагы ачылат. Бул программа психологиялык жардам эмес. Болгону биз зомбулук көргөзгөн, зомбулук көргөн адамдар менен жеке сүйлөшүп, зомбулуктун түрлөрү туралуу кеңири айтып беребиз. Анын кесепети эмнеге жеткирерин айтып, болушунча түшүндүрөбүз. Негизи бул зомбулукту токтотуунун бир жолу. Бул аябай жакшы иштелип чыга элек. Айрым гана кризистик борборлордо бар. Бирок ал дагы жетишсиз. Муну аябай жакшы иштеп, бардык региондорго киргизиш керек», — дейт ал.
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору жана милициянын подполковниги Жылдыз Осмонова зомбулук көргөн аялдар коомчулукка чыгуудан чочулап, укук коргоо органдарына кайрылбайт дейт. Анын айтымында, бул учурда көпчүлүк зомблук фактылар статистикага катталбай калат.
«Көпчүлүк аялдар анонимдүү гана маалымат бергиси келип бизге көп кайрылышпайт. Арыз дагы жазышпайт. Анткени арыз жазгандан кийин ал каралып, бир чечимге келгиче кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Ошолн үчүн иштин аягына чейин көпчүлүк аялдар чыгышпайт. Арыздар сотко жетпей калышынын себеби дагы ушул», — дейт ал.
Ошондой эле, ал зордук-зомбулук фактыларын алдын алуу үчүн милиция тарабынан элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын белгиледи.
«Билимди жогорулатмайын зомбулук азайбайт»
«Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун төрайымы Зейнеп Эшмуратова аялдарга укуктук тараптан маалыматты жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл дейт. Ал аялдар өзүнүн укугун коргой билгенде гана зомбулук токтойт деп эсептейт.
Анын айтымында, өлкөнүн булуң-бурчуна айылдарда комитеттерди күчтүү иштеткенде дагы зордук-зомбулуктун алдын алууга жол ачылат.
«Жер-жерлерде аялдардарга укуктарын үйрөтүш керек, билимин жогорулатыш керек. Ошол эле учурда эркектерге дагы үйрөтүш керек. Мыйзамдарды билгидей кылыш керек. Ал үчүн укук коргоо кызматкерлери дагы так жана адилеттүү иштеши керек. Милиция кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен дагы тыгыз байланышта болуп, маалымат алышып иштешүү бул өтө маанилүү. Ошол эле кризистик борборлор менен иштешсин. Башкача айтканда чынжырча болуш керек. Ошол эле учурда айылдардагы аксакалдар соту, айылдык комитет жана активисттер дагы бирдиктүү жакшы иш алып барса зомбулукту токтотууга болот. Мисалга алсак коңшу Өзбекстанда “Махалла комитети” деп коёт, ал эми Тажикстанда “Жамаат комитети” деп коёт. Алар жер-жерлерде мыкты иштейт. Жок дегенде бир аз да болсо зомбулукту азайтууга көмөк көрсөтүшөт. Ушундай эле системаны Кыргызстанга дагы киргизиш керек», — дейт ал.
Үй-бүлөсүн сактап калган Мирбек
Мирбек өзүнүн жубайына көргөзгөн зомбулук тууралуу баштан өткөн окуясы менен бөлүштү. Ал коомчулукка ачык айтып чыгуудан тартынып атын Мирбек деп өзгөртүп коюууну өтүндү.
Мирбек Ош шаарынын тургуну. Кесиби боюнча архитектор. 22 жашында жогорку окуу жайын бүткөн соң Аяна аттуу кызга баш кошкон. Үй-бүлө кургандан кийин эки жылдан соң жубайы экөө Орусияга барып иштеп келүүнү туура көрүшөт. Ал аялына кылган мамилеси тууралуу маек курду:
«Орусияда иштеп жүргөндө алгачкы алты ай абдан жакшы күндөр өттү. Мен курулушта, жубайым кафелердин биринде иштечү. Бир күнү кырсыктап бутумду сындырып алдым. Эки ай иштебей калдым. Жубайым жалгыз иштеп баштады. Мени багып жатты, тамагымды жасап, киримди жууп айтор баарына кам көрчү. Бирок үйдө жаткан адам депрессия болот экен, ар нерсе оюңа келет экен. Жөн жерден аялымды кызганып уруш чыгарган адат пайда болду. Бирок мага бул зомбулук экени билинчү эмес. Бир күнү жубайым күндөгүдөн үйгө эки саатка кечигип келди. Ал келгенде эшикти бекитип жинденип колума эмне тийсе чаап, сабап салыпмын. Ыйлап отуруп, ошол жерде уктап калыптыр. Эртеси мен ойгонгончо жумушуна кетип калыптыр. Мындай окуя эки ай кайталанды», — дейт ал.
Анын айтымында, ал аялын таштап Кыргызстанга кайтып келет. Бирок өлкөгө кайтып келгенден кийин жашоосу өзгөргөн. Ага анын досу себеп болгон.
«Анан мен Кыргызстанга келе бердим. Ал болсо Орусияда калды. Бир күнү дос балам менен кафеде суйлөшүп отуруп калдым. Анан ал үй-бүлөм жөнүндө сурап калды. Калп айтканга туура келди. Бирок ал мага ишенген жок. Эки күндөн кийин ал үйгө келип, психологго алып барды. Башында психолог экенин айткан эмес, баргандан кийин билдим. Анан психолог менен сүйлөштүм, ал баарын сурады, мен баарын айтып бердим. Чынында ал мага жардам берди. Үй-бүлөмдү сактап кала алдым. Андан кийин Орусияга барып жубайымды таап, кечирим сурап Кыргызстанга алып келдим. Анан экөөбүз чогу кайрадан психологго барып кеңеш алып турдук», — деди Мирбек.
Учурда Мирбек аялдардын укугун коргогон фонддордун биринде иштейт. Ал өзүнүн башынан өткөн окуясы башкаларга сабак болот деген ойдо.
Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, анда жардам алуу үчүн төмөнкү ссылка аркылуу милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.
Автор: Дилде Шатанова
Сүрөттүн авторлору: Дилде Шатанова, ИИМдин басма сөз кызматы, Зейнеп Эшмуратова, WPS Index уюму