Улуттук банк ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен 2022-жылдын 25-июлунан 15-сентябрына чейин Кыргызстандын бардык аймактарында эки күндүк финансылык сабаттуулук тренингдерин өткөрөт.
Тренингдердин кайсыл жерде жана канчасында өтө турганын төмөндөгү тизмеден карап алсаңыз болот.
Тренингдин катышуучулары өз каражаттарын үй-бүлөлүк бюджет жүргүзүү, финансылык максаттарды туура аныктоо, каражат топтоо аркылуу туура колдонууну, депозит жана насыя финансылык продукттардын өзгөчүлүктөрү, керектөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери тууралуу түшүнүгүн арттырат.
Финансылык сабаттуулук тренингдери адамдарга керектүү базалык финансылык билим берип, келечекте финансылык аракеттер аркылуу финансылык абалын жакшыртууга жана узак мөөнөттө жеке адамдын, үй-бүлөнүн финансылык стабилдүүлүгүн орнотууга абал түзөт.
Тренингге катышуу акысыз. Орундар чектелген. Андыктан 0555855749, 0770737351 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот. Катышуучуларга түшкү тамак каралган.
Максатсыз чогулган акча максатсыз коройт
Тест: Акча сизди сүйөбү?
Айгерим Кубатбекова