Кинопродюсер, КР кинематографиясынын отличниги, Кинематографисттер союзунун мүчөсү Сүйүм Сулайманова менен маектешебиз. Ал “Дарак ыры”, “Саякбай” “Кекеч”, жана башка 30га жакын кинолордо продюсерлик кылган. Чыгармачыл жолу, кесиптин күңгөй тескейлери, кесип тандоодо эмнелерди эске алуу керек туурасында ой бөлүштү.
Бул кесипти аркалап калганызды айтып берсениз?
— Мен кичине кезимен эле атка жакын болуп, аны абдан жакшы көрчүмүн. Киного дагы ат жөнүндө кино тартам деп келгем. Эрнест Абдыжапаровдун бир жумалык мастер классында окуп, ошол бойдон бул тармакта калып калдым. Кыялымдагы кинону алдыда тартам деген үмүттө жана ишенимдемин. Буга чейин кыска метраждуу кино тарткам бизде жана чет өлкөдө өткөн фестивалдарда жеңишке жеттим. Ал тасма кичинекей бала менен жылкынын достугу туурасында болчу.
Эң алгач кайсы тасма менен иштедиңиз эле биринчи жолу тасма тааласына барганда эмнелерди сездиңиз?
— Негизи киного келип калышыма бул чөйрөдөгү досторум жана Эрнест Абдыжапаров алып келген. Агайдын ишеничнен уламбы айтор алгачкы жолу иштеп баштаганда эле өмүр боюу бул тармакта жүргөндөй, билгендей тез эле аралышып кеттим. Көп учурда бул тармакка кичине кезинен кыялданып жүргөн же ата-энеси жакындары бул тармакта иштегендер келишет эмеспи. Мен болсо атты жактырып жүрүп эле келип калдым да.
Кино тартууда биз даяр болгон тасманы эле көрөбүз кадр сыртында бир топ иштер жасалары айтылат кинорежисерлордун түйшүгү кандай? Ал ошол чыгармачыл топту башкарып турат да.
— Продюсердин иши кино алгач идея болуп жаралгандан баштап даяр болуп калың элге тартууланганга чейин баштан аягына чейин катышат. Кино тартуудагы ар бир кишинин иши жеңил эмес, ар бири жоопкерчиликтүү жумушта турушат. Ошентсе да продюсер барынан көп жумуш аткарат десем болот. Кино тартып жатканда ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Мисалы, ысык-муздакта, тоо ташта жүргөндө эртерээк эле бүтсө экен деген менен аны тартып бүткөндөн киийн кайра сагынабыз.
Быйыл «Кыргызстандын айым-режиссерлорунун IV кинофоруму» өттү. Акыркы учурларда кино жаттында айымдардын саны өсүп жаткнадай. Сиздин баамынызда айымдар кино тааласында кандай иштеп жатышат, эмнелерди тарткылары келет, аларда кандай тоскоолдуктар бар?
— Ооба, туура 10 жыл мурун эле алганда бир чыгармачыл топто 30 адам болсо анын ашып кетсе 5өө айым болчу. Азыр жарымына жакындап калдык десем болот. Айымдар режисердук жактан баштап ар тараптан өздөрүн көрсөтө алышууда. Айымдар көп учурда социалдык темаларда, зордук, зомбулук жөнүндө айтор көп багытта эле кинолорду жаратышууда.
Кинорежиссер болуу үчүн кандай билим, жөндөмдөр керектелет?
— Негизи эле ар бир кесипке менин оюмча cүйүү керек болуш керек. Ал эми кино тартуу режиссер болуу үчүн жүрөктө маселелер болуш керек сени кыйнаган, ойлонткон, сарсана кылган. Режиссердун миссиясы чоң деп ойлойм. Ошол көйгөйдү жалпы журтка жеткирүү. Жөн гана жеткирүү эмес, ар табынан жеткиликтүү кылып тартулоо. Кино өзү мамлекеттин идеологиясын куруу үчүн чоң курал. Андан тышкары албетте окуу жайлар, курстар, тренинг, мастер класстар азыр кыргызтанда отуруп алып эле чет өлкөлүк мугалимдерден сабак алса болот. Ошентип отуруп ар тараптан билим жагынан өзүңдү топтоп, машыгып турушуң керек болот.
Учурда кайсы долбоордун үстүндө иштеп жатасыз, тартып жаткан кино эмне жөнүндө?
— Азыркы учурда биз толук метраждуу даректүү тасманын үстүндө иштеп жатабыз. Бул биздин Бишкектеги экологиялык ахвал жөнүндө. Тилекке каршы абанын кирдиги боюнча алдыңкы орундарда туруп атабыз. Бул кино социалдык көрүнүштөрдү чагылдырган тасма болот деп ойлоп жатабыз.
Сиз адистигиниз боюнча юрист, учурда кино жаатында өзүңүздү таптыңыз жаштарга кесип тандоодо кандай кенеш берет элениз?
— Биз кесип тандоодо бир топ аксайбыз. 11 жыл боюу кесип тандоо боюнча көп көңүл бурбай жүрө беребиз дагы окууну аяктагандан кийин баланы дагы кыйнайбыз “каякка барасын, ким болосуң, азыр айт, азыр чеч”- деп. Ага чейин кандай окуу жайлар бар, кандай адистиктер бар экенин изилдеп алар жөнүндө көп маалыматтарды чогулткан туура. Эң негизгиси ата-энелер дагы бала дагы эмнеге жөндөмдүү экенин, эмнени кааларын билиш керек. Окуган эч качан кеч эмес, канча жашка келбесе дагы окууну кааласа ошону окуп же кесибин алмаштыргысы келсе коркпой эле ошол замат ал тармакка барганга толук мүмкүн. Туура кесип тандап окуусун аяктагандан киийн дароо эле ошол кесипте иштеп кеткендер дагы бар. Бул бир керемет көрүнүш. Өзүн, сезип билип билим алып жана ошол кесипти аркалап кеткен сонун көрүнүш. Бирок, мындайлар аз.
Сиз окуган адистигиңизде бир дагы күн иштеген эмессиз…
— Ооба, мен өзүм өтө сезимтал адаммын. Бул багытта билим алганда практика өтүп көргөндөн киийн бул кесип меники эмес экенин түшүндүм. Бирөөлөрдүн диштери менен таанышканда мен чыдай албайт экениме көзүм жетти. Бирок, ал жактагы алган билимдерим учурдагы кесибимде дагы чоң пайдаларын тийгизет. Бирөөлөр менен келишим түзүп, кагаз иштерин алып баруудам мага жеңил болот.
Алдыда кандай тасмаларды жараткыңыз келет?
— Спортчулар машыгып чет өлкөгө мелдештерге барбай койгондой эле болот эгер биз дагы чет өлкөдөгү эл аралык кино фестивалдарга барабй койсок. Андыктан мыкты тасмаларды жаратып фестивалдарга барууну ар бир эле кино жаратуучу кыялданат. Бирок, эн негизгиси учурда өлкөдөгү социалдык, экономикалык абал руханий абалыбызды карап. Элге күч бере турган жакшы жака үндөй турган тасмалар тартылса ичтеги күйгөн көйгөйлөрүбүздү алып чыгып андан арылсак деп кыялданам.
Шахматчы Адамовалар чет өлкөдөгү мелдештерден мекенчил сезими ойгонуп келишет
Жаштар арасында ВИЧ жуктургандардын саны өсүп жатат
Кесипти жүрөгүңүз менен тандаңыз
Айгерим Кубатбекова