Финансылык сабаттуулук туура финансылык чечимдерди кабыл алуу жана жеке финансылык бакубаттуулукка жетүү үчүн керек. Жөнөкөй эле акча чогултуу адатын калыптандыруу менен сиз бир топ каржы көйгөйлөрүн алдына ала аласыз. «Ак-Босого» турак жай — сактык кредиттик компаниясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Айзаада Усупова менен каржы сабаттулуугу туурасында маек курдук.
Финансылык сабаттулук деген эмне?
— Финансылык чечимдерди кабыл алууда, финансылык суроо- талаптарды аткарууда биздин болгон билимибиз, маалыматтарыбыз, калыптанып калган адаттарыбыздын, жүрүм-турумдарыбыздын негизинде каржы чечимдерин кабыл алабыз. Бул биздин каржы сабаттуулуктун деңгээлин көрсөтөт. Адам финансылык маалыматтарды туура так түшүнүү жана пайдалануу тапкан кирешеден керектүү чыгымдарды алып койгондон кийинки суммасын туура пайдалануу же инвестициялоо.
Бул канчалык мүмкүн?
— Бизде мектептерде болобу жогорку окуу жайларындабы каржы сабаттуулукка үйрөтпөйт. Адам муну өзүнүн жеке тажрыйбасынын негизинде финансылык чечимдерди кабыл алуу адаттары пайда болот. Акчаны туура башкара албай, бул айдан кийинки айга жеткире албай жүрүү бул каржы сабаттуулугунун жоктугунан кабар берет. Аны туура бөлуштүргөндө дагы жетпей жатса адам ойлонуш керек. Мунун чечүүнүн 2 жолу бар. Кирешени көбөйтүш керек же чыгымдарды азайтуу. Кирешени көбөйткөндө “кирешени кантип көбөйтсөм болот, мага канча киреше керек?”-деген суроого жооп издеш керек. Адам өзүнө туура суроону койгондон киийн туура жооптор келет. Чыгымдарды азайтканда болсо, эң керектүү чыгымдардын тизмесин түзүп, чындап кереги барбы эмоциянын негизинде кабыл алынган чечимдер эмеспи талдап көрүңүз. Ушул жерде тамеки сыяктуу зыяндуу адаттарга короп жаткан каражатты эсептеп көрсөңүз дагы болот. Мындай чыгымдын ордуна акчаны топтоп башка пайдалуу жака жумшоону дагы ойлонуп көрүңүз.
Каржылык сабатсыздыкты айгинелеген жүрүм-турумдар кайсылар?
— Тапкан акчадан көбүрөөк коротуу
— Максатсыз насыя алуу
— Керксиз чыгымдар
Кандай адамды финансылык жактан сабаттуу дейбиз?
— Чыгашаларды көзөмөлдөп, кирешеден ашкан сумманы туура пайдаланып, туура башкара алган адам финансылык жактан сабатуу адам. Кантип туура башкарса болот. Мисалы акча топтогусу келсе депозиттерге салса болот. Же өзүнө деле инвестиция жасап түрдүү окууларга, курстарга барып үйрөнсө ал кийин киреше тапканга же кирешемдин көбөйүүсүнө шарт түзөт деген сыяктуу ойлонсо. Ошондой эле учурда турак жай алып берем деген же дагы башка азгырыктуу алдоолорго алданбай ойлонуп чечим чыгарган адам.
Кантип каржылык сабаттуулукка жетишүүгө болот?
— Акча көбөйгөндө чоугултуп баштайм деген ой туура эмес. Канча акча болбосун анын кандайдыр бир бөлүгүн чогултуп баштоо зарыл. Ансыз деле жетпей жаткан акчаны кантип чогултмак элем деген ой туура эмес. Эгер сиз азыр кичинекей акчаны башкарганды билбей жатсаңыз, кийин көп киреше тапканда дагы аны туура колдонгонду билбейсиз. Ошондой эле акчаны бир максат коюп ошого жетүү үчун топтоп баштаган жакшы. Эгер максатсыз эле чогултуп жаткан болсо демек максатсыз эле бир жака кетип калуусу мүмкүн. Акча чогултканда дагы максаттуу чогултуу каржы сабаттуулугуна кирет.
Акчадан башка дагы көптөгөн баалуулуктар бар жашоодо бирок, финансылык сабаттулук бакубата жашоого жетүүдөгү дагы эң маанилүү курал.
Балаңызга акча топтогонду үйрөтүңүз
Тамеки чеккен адамдар өз акчасына ооруларды сатып алып жатышат
Тест: Акча сизди сүйөбү?
Айгерим Кубатбекова