Учурда социалдык тармактарды пайдаланып же ар түрдүү ыкмалар менен жарандарды алдаган шылуундар көбөйдү. Ал гана эмес, шылуундарга алдангандарга акчаңарды өндүрүп беребиз деген шылуундар чыкты. Экономика илимдеринин кандидаты, доцент, каржы сабаттуулук боюнча тренер Башарат Молдокулова кантип шылуундардын тузагына илинбөө керектигин айтып берет.
Башарат Молдокулова белгилегендей, каржы сабаттуулугу жетишсиз болгондуктан, көптөгөн жарандар шылуундардын ар кандай тузактарына түшүп калууда. Мындай учурларда, жабыр тарткан адамдар өз тажрыйбаларын жана башынан өткөргөн окуяларын социалдык медиа аркылуу активдүү түрдө бөлүшүп, башкаларды да эскертүүгө аракет кылышууда.
“Эгерде жаранда каржы сабаттуулугу жок болсо туура эмес чечимдерди кабыл алат, акчасын алдатат ошондой эле алдамчылардын тузагына илиндер көп. Шылуундарга кимдер алданат? Биринчиден жеңил оокатка азгырылгандар себеби, алар көп акчаны жана ага дароо ээ болууну убадалашат. Мындай куру сөздөргө азгырылып тез эле акчасынан кол жууп калгандар көбөйдү”.
Башарат Молдокулованын айтымында шылуундардын жалпы окшоштуктары болгону менен алар улам жаңы ыкмаларды ойлоп таап, өзгөртүп турушат. Ошентсе да кырдаалга туура баа берүү менен шылуундарга алданып калбоого болот:
Эгерде өтө чоң кирешелерди жана жогору пайыздарды убадалап жатышса, сөзсүз түрдө ойлонуп көрүү керек. Андай деңгээлдеги кирешелер чындыгында жок. Эгер бул чын болсо, баары эле акчаларын салып, байып кетишмек. Азыр шылуундардан алданган адамдардын акчасын кайтарып беребиз деп дагы бир топ алдамчылар пайда болду. Мындай тузакка түшкөндөр да абдан көп. Мага күн сайын жок дегенде 5-6 адам ушул маселе боюнча жазып турат. Шылуундар да жөн турбайт, алар уламдан-улам жаңы ыкмаларды ойлоп таап, өнүгүп жатышат. Булардын аракеттеринен өтө этият болуу зарыл.
Каржылык сабаты бар адамдарды алдоо жеңил эмес. Мындан тышкары, телефон аркылуу байланышкан шылуундар да көп. Алар «жакын адамыңыз кырсыкка кабылды» же «тез арада акча керек» деп акчаны котортуп алышат. Шылуундар абдан жакшы психолог болушат, алар тез арада адамдын алсыз жерин байкап, кайсыл жагынан кармаш керектигин билип алышат. Мындай адамдар курмандыктарына ойлонууга убакыт бербей, шашылыш чечим кабыл алууга мажбурлашат. Телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан шылуун болсо, сүйлөшүү учурунда телефонду койдуруп салбастан акчаны дароо которууга түрткү берет, анткени телефонду койсо, башка чалуу келип, алардын жалган сөздөрү ашкерелениши мүмкүн.
Шылуундар жарандарды ишендирүү үчүн аларга жакын түрдүү банктардын атын жамынышы мүмкүн. Ал гана эмес, министрликтердин расмий сайттарын жасалма пайдалангандар да кездешүүдө:
“Ар кайсы министрликтердин атынан расмий жасалма кат жазып алдап жатышат. Жакында эле шаардагы бир мектептин директорун алдап кетишти. Анын почтасына фирмалык бланк менен билим берүү министрлигинен кат келет. Сиздин мектепке биз 20 комплект компьютер бергени жатабыз аны алуу үчүн Чалдабар өткөрүү пунктуна саат 9:00го келиңиз деп. Мектеп директору чоң машинаны айдатып алып баратса жолдон Мбанкка 20 миң сом которуңуз, биз бул жерден документтерди ырастай беребиз деп чалат. Жетип чалса сүйлөшүп жаткан номер иштебей жок болуп кетишет. Мындай учурлар абдан көп. Ошондуктан абайлаңыздар дейт элем”.
Телефон шылуундардан сак болуу үчүн төмөндөгү сунташтарды беребиз:
Жеке маалыматты бөлүшпөңүз:
Эч качан телефон аркылуу кредиттик карта номерлери, сыр сөздөр же текшерүү коддору сыяктуу жеке маалыматты бербеңиз. Мыйзамдуу уюмдар бул маалыматты эч качан телефон аркылуу сурашпайт.
Белгисиз номерлерге ишенбеңиз:
Эгер сизге бейтааныш номурдан чалып, банк кызматкеримин, милиция же башка расмий уюмдан деп тааныштырса, компаниянын расмий номуруна чалып, тактоо туура болот.
Шектүү сунуштардан сак болуңуз:
Эгерде байланышка чыккан адам укмуштуудай пайдаларды, утуштарды же инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатса, бул алдамчылык болушу мүмкүн. Шылуундар көбүнчө тезирээк чечимдерди кабыл алуу үчүн азгыруучу сунуштарды колдонушат.
Белгисиз номерлерден келген чалууларга жооп бербей эле койгонуңуз оң:
Шылуундар эл аралык кымбат номерлерди колдонуп чалуулары мүмкүн.
Чалууларды бөгөттөө жана чыпкаларды колдонуу:
Телефонуңузда белгисиз номерлерден келген чалууларды бөгөттөөнү иштетиңиз же чалууну чыпкалоочу колдонмолорду орнотуңуз. Бул шылуундардын чалууларына жооп берүү ыктымалдыгын азайтат.
Банк карталары менен байланышкан көйгөйлөр тууралуу чалууларга алданбаңыз:
Эгерде сизге банк картаңыз бөгөттөлгөн же сиздин эсебиңизде шектүү иш-аракеттер бар деп айтышса, дүрбөлөңгө түшпөңүз. Банкка түздөн-түз расмий номер аркылуу чалыңыз.
Кыйынчылыкка туш болдум деген жакындарыңыздан сак болуңуз:
Шылуундар кыйынчылыкка туш болуп, тез арада акчага муктаж болгон туугандай түр көрсөтүшү мүмкүн. Жардам көрсөтүүдөн мурун тууганыңызга чалыңыз.
Бул кеңештерди аткаруу менен сиз шылуундардын тузагына туш болуу ыктымалдыгын бир кыйла азайта аласыз.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова